Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 43 – кезексиз сессиясы
2020-жылдын 9-декабры № 43/290
“Семетей” турак жай конушунун тургундарынын жер участкалары тууралуу
«Семетей» турак жай конушунун тургундарын жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы №406 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө” токтому менен Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл аймагынын № 33 контурунда жайгашкан 335,4 га жер "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы №406 токтомун аткарууда мурдагы чыгарылган бардык документтер Атбашы айылдык кеңеши менен Атбашы айыл өкмөтүнүн кароосуна КР Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 19-августундагы №172-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан бекитилген тизменин негизинде өткөрүлүшү тийиш.
«Семетей» турак жай конушунун тургундарынын жер участоктору тууралуу маселени карап чыгып жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Новопавловка айыл өкмөтү «Семетей» турак жай конушунун жер участоктору тууралуу кайрылган жарандарды мамлекеттик актысы (кызыл китеп) же Новопавловка айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №110 чечиминин көчүрмөсүнүн түп нускасы менен бирдей баалуулуктагы жер участогун алуу үчүн Атбашы айыл өкмөтүнө жөнөтсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | К.Абдыраимов |