Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 45 – сессиясы
2021-жылдын 20-январы № 45/300
Новопавловка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 11-сентябрындагы №4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик долбоорлоо институтунун 1994-жылы өткөргөн инвентаризациясына ылайык, Новопавловка айыл аймагынын №509-контурундагы Б. Садыралиевге тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелет.
Сокулук райондук салык кызмат башкармалыгынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы №012/10/08-06/7101 катына ылайык, Б. Садыралиевдин жер салыгы бардыгы 1,29 га, анын ичинен: 1,23 га сугат жер катары, 0,06 га чабынды чөп катары кайра эсептелген.
Тапшырылган материалдар боюнча айылдык кеңештин жер комиссиясынын мүчөсү Н. Алыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Новопавловка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 11-сентябрындагы №4 токтомуна “Новопавловка айыл аймагынын №509-контурундагы Б. Садыралиевге тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелсин”-деген өзгөртүү киргизилсин.
Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | К.Абдыраимов |