Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 48 – кезексиз сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 48/327

Новопавловка айылдык кеңешинин 17.12.2019-ж. №28/171 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Новопавловка айылдык кеңешине Новопавловка айыл өкмөтү кат (№02-10/286, 05.03.2021-ж.) жолдоп, “Жароокер” кайрымдуулук фондуна майып балдарга арналган үйлөрдү куруу үчүн берилген жер тилкесинин дарегин жана аянтын тактоо максатында, Новопавловка айылдык кеңешинин 17.12.2019-ж. №28/171 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушу менен кайрылган.

Жогорудагы маселе боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Новопавловка айылдык кеңешинин 17.12.2019-ж. №28/171 токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: “Новопавловка айыл аймагынын майып балдарына арналган үйлөрдү куруу үчүн Новопавловка айыл аймагынын “Ак-Ордо” конушундагы 4811 контуруна караштуу “Е” кварталындагы аянты 1,23 га СКБ алдындагы жер тилкесинин ичинен 0,30 га жер тилкеси “Жароокер” кайрымдуулук фондуна бөлүнүп берилсин”.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Б. Батыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Эркинбек уулу