Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 48 – сессиясы

 2021-жылдын 10-марты № 48/329

Новопавловка айылдык кеңешинин 2009-жылдын 26-майындагы №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сокулук райондук салык кызмат башкармалыгынын 2021-жылдын 14-январындагы №012/10/08-06/306 катына ылайык,  Э. Алиевага тиешелүү жер үлүшүнө 2006-жылдан баштап жер салыгы бардыгы 1,29 га, анын ичинен: 1,23 га сугат жер катары, 0,06 га чабынды чөп катары кайра эсептелген.

Тапшырылган материалдар боюнча айылдык кеңештин жер комиссиясынын мүчөсү Н. Алыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Новопавловка айылдык кеңешинин 2009-жылдын 26-майындагы №9 токтомуна “Новопавловка айыл аймагынын №216-контурундагы Алиева Эльмира Камаловнага тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелсин”-деген өзгөртүү киргизилсин.

Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Ж. Батыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Эркинбек уулу