Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 39
Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү мурдагы Баткен областык Социалдык фондунун балансасындагы имаратты, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчигине макулдашуу менен баланска кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 6- беренесине жана Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин,Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү Министрликтеринин макулдук баракчаларынын, Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 26-июлдагы №08-21/825 катына ылайык, КР “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын реестринде №254 сандуу иден.8-01-01-005-0001 коду менен катталган, Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү мурдагы, Баткен областык Социалдык фондунун балансасындагы, баланстык баасы 252 миң сомдук, имараты ээлеп турган жер аянты менен кошо, социалдык фондун баланстан-баланска кабыл алуусуна берген макулдугуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү баланстык баасы 252миң сомдук, мурдакы Баткен областык Социалдык фондунун имараты, 0,09 га өлчөмүндөгү ээлеген жер аянты менен Социалдык фондунун Баткен башкармалыгынын балансасынан, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансына кабыл алынсын.(макулдук баракчалар тиркелет)
2.Муниципалдык менчиктин балансасына имараты ээлеген жер аянты менен кабыл алуунун юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
3.Социалдык фонддун Баткен башкармалыгына жаңы административдик имарат куруу үчүн шаар аймагынан 0,10 га өлчөмүндө жер аянты бөлүнүп берилүүгө макулдук берилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен областтык юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |