Редакцияот 28.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

2021-жылдын 28-июлу № 21

Баткен шаарынын аймагындагы билим берүү тармагынын, мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасы жана 2021-2022-жылдардын күз-кышына карата даярдыгы, билим берүү тармагынын жетишкендиктери жанакөйгөйлөрү жөнүндө

Баткен шаарынын аймагында 6 орто мектеп, 1 гимназия  жатак-мектеби,  2  башталгыч мектеп, 5 мектепке чейинки мамлекеттик билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.  Бул билим берүү мекемелеринде 2020-2021- окуу жылында  6614   окуучуга 390 мугалим,  5  мектепке  чейинки  мекемелеринде  1120  балага 53  тарбиячы билим-тарбия берүүдө.

Жыл  сайын окуучулардын предметтик олимпиадалары окуу планындагы 12 сабактан алгач мектептерде,  андан кийин шаарда өткөрүлүп  келет.   Шаардын  атынан  чыккан  окуучулар  өзүңүздөр  байкагандай  ар  жылы  предметтик  олимпиаданын областтык, республикалык  турларында  1, 2, 3, 4 байгелүү   орундарды  ээлеп  келишүүдө.

Шаардык  мэрия, билим берүү бөлүмү жана шаардык профсоюз комитетинин ортосунда үч тараптуу келишимге ылайык  жыл  сайын областтык, республикалык  олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген окуучулардын окуткан мугалимдердин иши өзгөчө бааланып,  мугалимдердин чыгармачыл ишине стимул берүү максатында  акчалай  жардамдар  берилип  келет.  Быйыл акчалай  сыйлык  47 000 сомду  түзгон

Билим  берүү  мекемелеринин  жетекчилери  тарабынан  ар  түрдүү  инвестициялар  тартылып,  билим  берүү  мекемелеринин материалдык-техникалык   базасын  чыңдоо,  аларды  оңдоп-түзөө  боюнча  да  бир  топ  иштер  аткарылган. Алсак, 2018-жылда  АБР  тарабынан  30 инновациялык  мектептин  катарына  кирген  Баткен  областтык  гимназия-жатак  мектебине  4млн 300 миң сомдук  колдоо  көрсөтүлгөн.

В.И.Ленин, Кызыл-Жол, Ж.Бөкөнбаев, С.Айтматов   жана  А.Имаров-Кызыл  Топу  атындагы  орто  мектептерине  демөөрчүлөр  тарабынан  кичи  футбол  аянтчалары, С.Айтматов орто мектебине Добутовдордун  үй-бүлөсүнүн  демөөрчүлүгү  менен  8 млн.сомдук  спорттук  зал,  Кызыл-Жол орто  мектебинде элдин, жергиликтүү  бийликтин  колдоосу менен спорт зал курулду.

Региондорду  өнүктүрүү жана  өлкөнү  санариптештирүү  жылына  карата Ж.Бөкөнбаев, В.И.Ленин, Кызыл-Жол орто жана  Баткен  областык  гимназия-жатак  мектептери   камкорчулар кеңешинин, бүтүрүүчүлөрдүн    колдоосу   менен  11  акылдуу  доска  алынып, окуучулардын  коопсуздугун  камсыз  кылуу  максатында 6  мектепке  70  даана  видео  байкоо  орнотулган.

2019-2020-жылдары  шаарыбыздын  9  мектебин  ремонттон  өткөрүү  үчүн  республикалык  бюджеттен  425 800 сом,  жергиликтүү  бюджеттен  200 000  сом   акчага  бөлүнгөн. Атап  айтсак, Баткен  областтык  гимназия-жатак  мектебинин  ашканасы  жана  балдардын  жатаканасы   капиталдык  ремонттон  өттү. Кызыл-Жол орто  мектебинин  11 класстык  бөлмөсү  коридору  менен  кайрадан  шыбалып  жаңыланды.  С.Айтматов   атындагы  орто  мектебинин  5 класстык  бөлмөсүнүн  айнектери  алмаштырыпып, дубалы  кайрадан   шыбалды.  В.И.Ленин  атындагы  орто  мектебинин  бардык   класстык  бөлмөлөрүнүн  полдору  жаңыланып  бүттү. Ж.Бөкөнбаев  атындагы орто  мектебинин  сырты  сырдалып, беседкалар  орнотулган

2019-жыл  А.Имаров-Кызыл  Топу  атындагы  орто  мектеби  ВПП ООНдун  7-агымына  кирип, учурда  мектептин ашканасы мэриянын  колдоосу  менен  ремонттон  өткөрүлдү.

2019-2020-окуу  жылына  шаардын  4  балдар  бакчаларын  оңдоо  түзөө  иштери  үчүн  452 838 сомдук  тендер  жарыяланып,  натыйжада 396 067 сомдук  оңдоо-түзөө  иштери  4  балдар  бакчасында  бүткөрүлгөн.

2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштурууда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулардын жана педагогдордун коопсуздугун камсыздоо максатында  В.И.Ленин, С.Огата, Баткен областтык гимназия-жатак  мектеби, А.Имаров-Кызыл  Топу,  Ж.Бөкөнбаев, С.Айтматов,  Кызыл-Жол  орто мектептеринин  кире  беришине  кол жуугучтар  коюлуп, ысык-суук  суу  чыгарылып, пайдаланууда. Жалпысынан 400 000 сом  инвестиция тартылган.

С.Огато  атындагы  орто  мектебине  кошумча  4 окуу  каанасы, 1 китепкана  курулууда.

Баткен  шаарындагы  Кызыл-Жол  кварталындагы  Акжолтой-Баткен  балдар  бакчасы  2021-жылдын  24-майынан  тартып  өз  ишмердүүлүгүн  толук  түрдө  баштады.

 

2018-2019-2020-2021-жылдарга карата  мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын облустук турундагы ийгиликтери

№

Мектептин

Аталышы

2018-2019-окуу жылы

жалпы  упай

2019-2020-окуу жылы

жалпы  упай

2020-2021-окуу жылы

жалпы  упай

I

 

II

 

III

 

I

 

II

 

III

 

I

 

II

 

III

 

 

 

1

В.И.Ленин о.м.

 

 

 

 

1

 

 

3

 

 

 

 

 

2

Ж.Боконбаев о.м.

 

 

 

 

1

 

1

4

 

2

2

6

 

3

Баткен гимназия

3

3

3

19

4

3

5

23

3

3

4

19

 

4

C.Айтматов а.о.м.

 

 

 

 

 

 

1

1

 

 

 

 

 

5

Кызыл Жол о.м.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6

А.Имаров-Кызыл Топу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

 

 

Жалпы  область арасында   ээлеген орду

 

 

 

19 упай

2-орун

6

3

7

31 упай

1-орун

9

10

7

26 упай 2-орун

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен шаардык билим берүү мекемелерине жергиликтүү бюджеттен каралган суммалар

2018-жылга

2019-жылга

2020-жылга

2021-жылга

1

Мектептер

Иш чаралар    -              221

791,5

166,6

281,2

157,3

Сатып алуулар  -           222

983,7

896,0

1107,0

1107,0

Ком кызматтар-            223

2881,6

2924,0

2630,8

2630,8

Эмеректер                       311

64,3

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

4721,1

3986,6

4019,0

3895,1

2

Аппарат

Иш чаралар    -              221

986,4

491,4

762,3

531,1

Сатып алуулар  -           222

0,0

0,0

103,0

104,0

Ком кызматтар-            223

0,0

0,0

74,1

32,0

Эмеректер                       311

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

986,4

491,4

939,4

667,1

3

Бала бакчалар

Иш чаралар    -              221

3425,0

3030,0

3629,4

2696,2

Сатып алуулар  -           222

137,1

100,0

150,0

530,0

Ком кызматтар-            223

1131,4

1199,7

1455,1

1455,0

Эмеректер                       311

0,0

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

4693,5

4329,7

5234,5

4681,2

4

Башталгыч мектептер

Иш чаралар    -              221

15,8

15,8

15,8

15,8

Сатып алуулар  -           222

157,0

157,0

53,0

53,0

Ком кызматтар-            223

290,0

290,0

543,0

543,0

Эмеректер                       311

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

462,8

462,8

611,8

611,8

Бардыгы:

10863,8

9270,5

10804,7

9855,2

 

Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

Шаардык билим беруу болуму шаардык орто мектептерге жана мекепке чейинки мекемелердин кезектеги ондоп тузоолор уч ар бир окуучу санына карап 613936 мин сом алууга тийиш болсо, акыркы 3-4 жылдан бери бул каражатты ремонт учун республикалык бюджеттин толугу менен албай келет. Мунун себеби тушундурулуусуз калып кетип жатат. Эмне себептен республикалык  бюджеттин албай келип жатат?

А. Имаров атындагы №3 орто мектеби боюнча:

А. Имаров атындагы №3 мектеп 2012-жылы ишке берилген. Ашкана жок болгондуктан, бир кабинетти ашканага ылайыкташтырышкан. Мектептин актылар залы жок. Материалдык-техникалык базасы канааттандырарлык. 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен 23 окуучу 11-классты аяктады. Катышкан окуучулардын 39%ы 110 баллдан өткөн эмес. Китеп фонду жетишсиздик кылат. Окуучулар 50% китеп менен камсыз болгон.  Камкорчулар кеңеши иш алып барат. Уставы, күбөлүгү менен тааныштык.

Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби боюнча:

Аталган мектеп толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж. Окуу кааналарынын терезелери эскирген, парта, отургучтар жаңыланышы  керек. Класстардагы окуучунун саны нормадан ашыкча. 2020-2021-окуу жылында 2032 окуучу билим алган. 11-классты 31 окуучу аяктаган болсо, алардын 10у 105 баллдан өткөн эмес. Камкорчулар кеңеши мектепке материалдык-техникалык базаны чыңдоого көмөк көрсөтөт. Бирок камкорчулар кеңешинин күбөлүгү жана уставы менен тааныша албадык.

Баткен облустук гимназия-жатак мектеби боюнча:

Мектептин жатаканасынын имаратынын эскилиги жеткен. Жаан суулары пайдубалдын чөгүшүнө алып келген. Мектептин ажатканасы да начар абалда. Актылар залы жок. Иш-чаралар дээрлик ашканада өткөрүлөт. Жаңыдан уюштурулган кошумча окуу кааналарынын алдын бетондош керек. Эң орчундуу маселелердин бири – 1962-жылы курулган 1-корпустун аварийлык абалга жеткендиги. Архитектуранын кызматкерлери күбө болгондой эле имараттын шыбы ийилип, кооптуу абал жаралган. ӨКМдүн адистери атайын текшерүүдөн өткөрүп, мүмкүн болсо “авариялык абалда” деген бүтүм чыгарып бериши керек. Аталган мектепте камкорчулар кеңеши ар бир окуучудан жылына 6000 сомдон жыйнайт.

Кызыл-Жол орто мектеби боюнча:

Кызыл-Жол орто мектебинин имараты 1977-жылы ашар жолу менен сынч, таш пайдубал түрүндө курулгандыктан, азыр авариялык абалга жетип, пайдаланууга мүмкүн болбой калган. Мектептин китепканасы 7000 китеп фондунан турат. Бул окуучулардын 85%ын китеп менен камсыз кылганга жетет. Айылдык тургундардын, мэриянын жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен спорт залы курулуп, мектептин балансында турат.

Кызыл-Жол башталгыч мектеби боюнча:

Мектептин имаратынын абалы жакшы. Кыш-күз айларына карата даярдык иштери жүрүшү керек. Себеби заманбап электр жылыткычтар орнотулганы менен монтаждоо иштеринде кемчиликтер бар. Мектеп директорунун айтуусу боюнча мектепке 1.6 га жерге токтом чыккан экен. Азыр мектепке тийиштүү 1.3 га жер бар. Бирок берилген жердин бардыгы тосулган эмес. Мектепке тийиштүү жер аянтын тосмого алып берүү жагын караш керек.

С. Айтматов атындагы орто мектеп боюнча:

Мектептин имараты толугу менен авариялык абалда турат. Окуу кааналарынын полу чөгүп, кооптуу абал жаралган. Каридорлордун айрым жерлери чөккөн болсо, кээ бир бөлүктөрү көтөрүлүп кеткен. Мектептин компьютер лабороториясында эскилиги жеткен 9 компьютер бар. Алар заман талабына жооп бербейт. Мектепти жаңы окуу жылына даярдоо үчүн ремонтко республикалык, жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 56 000 сом бөлүнгөн.

В.И.Ленин атындагы орто мектеби боюнча:

Мектепте 1932 окуучу билим алат. Жаңы окуу жылына карата ремонтко республикалык бюджеттен 132000 сом, мэриядан 36 000 сом, камкорчулар кеңешинен 47000 сом каралган. Краска, акиташ өңдүү курулуш каражаттары алынып берилип, актап сырдоо иши ар бир кабинеттин ээсине жүктөлгөн. Акысы төлөнүп берилбегендиги үчүн нараазычылык билдирген мугалимдер бар. Жаңы курулаган ажатканага керектелүүчү суу маселесин чечиш керек. Мектептин күн чыгыш жагында жашаган Темиров Жеңиш аттуу тургун мыйзамсыз түрдө мектептин жер тилкесинин бир бөлүгүн ээлеп алган. Андан сырткары терезесин мектеп жакка каратып дүкөн ачып койгон. Бул маселени оңунан чечип, окуучулардын коопсуздугун үчүн дүкөндү жаптырып, жер тилкесин кайтарып алууну тездетиш керек. Көпчүлүк окуу кааналарында камкорчулар кеңешинин, долбоордун аркасы менен парталар жаңыланып, полдор жасалган. Талапка жооп бербей калган парталар, доскалар да бар. ЖРТга катышкан 64 окуучунун 34ү 110 баллдан өткөн. Бул 47%ды түзөт. 

Аталган мектепте камкорчулар кеңеши иш алып барат. Кеңештин төрагасы болуп ушул эле мектептин завхозу Саматов Махмасали иштеп келатат. Мектептин кызматкеринин Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп иштөөсүн мыйзамдын чегинде текшериш керек. 2019-жылдын 1-октябрында Билим берүү жана илим министри К. Исаков чыгарган №1151/1 буйругу негиз катары каралсын.

С. Огата мектеби боюнча:

6 окуу каанасынан турган С.Огата мектебинде 332 окуучу билим алат. Мектептин имаратынын абалы канааттандырарлык. Кабинеттер жетишпегендиктен 3-4-класстын окуучулар 3 смен менен билим алат. 160 бала ысык тамак менен тамактанган аашкананын абалы начар. Мектептин китепканасы жок. Мектептин территориясын тосуу жагын жергиликтүү бюджеттен каржылап берсе жакшы болот.

“Өрүкзар” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бул балдар бакчасына азыркы тапта такай келип турган балдардын саны – 150. 350 бала катталган. Бакчанын имаратынын абалы канааттандырарлык. Кырсыктын алдын алуу максатында мекеменин айланасындагы узун бойлуу дарактардын боюн кыскартуу, эскилерин тазалоо жумушу жасалышы керек. Бакчанын тосмолорунун абалы начар болгону себептүү, оңдоп түзөөгө муктаж. Эмеректери тууралуу айта турган болсок, көпчүлүк шкафтар, керебеттердин эскилиги жеткен жана терезелер шамал өңдүү кубулуштарда кооптуулук жаратат. Ашканада тамак-аш даярдоо үчүн бети сырдалган столдорду пайдалануу санитардык талаптарга жооп бербейт. Андан сырткары кээ бир тайпаларга уктаганда жаздык коюлбайт. Муну СЭСтин  уруксат бербегендиги менен түшүндүрүштү. А айрым тайпаларда ата-энелер демөөрчүлүк кылып алып бергендиги үчүн жаздык коюлган. Бакчанын алдындагы балдар ойногон аят иретке келтирилсе жакшы болот.

“Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Имараттын абалы жакшы. Тайпалардагы керебеттер жана шкафтар дээрлик жаңыланган. Бөлмөлөрдө ачык электр зымдары, жабылбаган каробкалар бар. Терезелердин эскилиги жеткендиктен, алмаштыруу зарылдыгы бар. Бакчанын күн чыгыш жагындагы жол жаңылангандан кийин жолдун деңгээли көтөрүлүп тосмолорун жаңылоо муктаждыгы пайда болгон. Балдардын оюн аянтындагы инвентарларды жаңылоо,оңдоп түзөө керек.

Андан сырткары бакчада атайын билимин тастыктаган диплому жок иштеп аткан  Авашева Зина аттуу тарбиячы бар.  Мындан сырткары кыргыз тили, орус тили, биология мугалимдери да тарбиячы катары эмгектенет. Атайын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн аяяктаган адистер эмгектенсе талапка ылайык болот.

“Акжолтой-Баткен” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бала бакчанын кыш-күз айларына даярдыгы канааттандырарлык эмес. Курулушу бүткөрүлүп, өткөрүлүп берилгенине 1 жыл боло элек бакчада 36 даана жылытуу батареясы сынык абалда. Андан сырткары кээ бир бөлмөлөрдө электр точкалары иштебейт. Жаңы болсо дагы төшөлгөн асфальттын айрым бөлүктөрү чөккөн. Оюн аянтчасындагы атракциондордун үчөө-төртөө сынган. Саркынды суулар аккан канализания куурларында уклон жок болгондуктан, ажаткананын суулары кетпей калат. Проектте сметада каралган эмеректер толук берилген эмес.

Мындан сырткары, 28-май күнү өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунда шаардык кеңештин токтомусуз эле ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн ай сайын төлөнүүчү 800 сомду 1000 сомго көтөрүшкөн. Бул чогулушка шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А. Акматбеков да катышкан. Ал эле эмес чогулуштун протоколунда катышкан ата-энелеринин колу жана ата-энелеринин аты-жөнү окшош кол жазмалар менен жазылган. Бир эле ата-эненин аты-жөнүн бир канча жолу көрүүгө болот. Протокол жасалма болушу да мүмкүн. Бааны 1000 сомго которуудо коомдук такууга коюлуп андан кийин туруктуу комиссиянын кароосу менен сессиянын кун тартибинде шаардык Кенештин бекитуусу менен ата энелердин взносунун тарифи бекитилууго тийиш болчу.Кыргыз Респукбликасынын  2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары жонундо” №101 Мыйзамынын 4-пунктуна ылайык жергиликтүү жыйымдардын ставкаларын бекитүүгө тийиш маселелер толугу менен биринчиден коомдук талкууда коомчулуктун ой пикири эске алынышы керек болчу.

“Булак-Башы” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бала бакча Булак-Башы массивиндеги башталгыч мектебинин имаратында жайгашкан. Мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштагандан кийин ашкананын жоктугунан бакча азыркы күндө иштебей эле турат. Бакчанын ашкана көйгөйүн чечүү үчүн ашкана иретинде колдонулуучу контейнерге бир топ жолу тендер жарыяланган. Бирок азыркы күнгө чейин бакчанын ашкананын маселеси чечилбей келет.

“Данектай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бала бакчанын имаратынын абалы канааттандыраарлык. Бирок балдардын уктоочу, ойноочу бөлмөлөрү балдардын санына караганда тардык кылат. Эмеректердин абалы жакшы. Бакчанын актовый  залы жок. Бул маселени чечүү үчүн сметалык баасы 1205000 сомдук долбоор даярдалган. Муну менен бакчанын актовый залынын  маселеси чечилет.

Жалпысынан Баткен шаарынын билим берүү тармагында жогорудагы белгиленген катачылык, жетишпегендиктердин негизинде шаардын социалдык тармагын тейлеген шаар мэриясынын вице-мэри  И.Рыскуловага жана Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы ААкматбековдун аткарып жаткан иш аракеттерин жетишпестиктери бар экендиги белгиленди.

Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:

1.Баткен шаарынын аймагындагы билим берүү тармагынын материалдык- техникалык базасыжана 2021-2022-жылдардын күз-кышына карата даярдыгы, билим берүү тармагынын жетишкендиктери жана көйгөйлөрүн карап чыгуу үчүн жумушчу комиссиянын курамынын  аныктамасы кабыл алынсын. (аныктамасы тиркелет)

2.Баткен шаарынын социалдык тармагын тейлеген вице-мэри И.Т.Рыскуловага,  Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбековдун аткарган иштерине ишенбестик көрсөтүлсүн.

3.Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбековдун ээлеген кызмат орунун кароону Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине сунуштоо жагы Баткен шаарынын мэри И.Буркановго тапшырылсын.

4.Баткен шаарынын вице-мэри И.Рыскулованын ээлеген кызмат ордун  кароо жагы Баткен шаарынын мэри И.Буркановго сунушталсын.

5.Сунуштун аткарылышы боюнча кезектеги кийинки сессияда маалымат берүү жагы Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановго жүктөлсүн.

6.Баткен гимназия-жатак мектебинин имаратынын авариялык абалын көрүп чыгуу үчүн жумушчу комиссиянын курамын бекитилсин жана кийинки сессияда  маалымат берилсин

7.Токтом шаар калкына коомдук саясый “Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.

     8.Токтомду  мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

     9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага  тапшырылсын.

 

Тѳрага

А.Аширов 

 

 Баткен шаардык Кеңешинин жаштар, спорт, туризм, медицина жана билим берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, Баткен шаарынын аймагындагы билим беруу тармагынын техникалык базасы, 2021-2022-окуу жылына 2021-2022-жылдардын күз-кыш айларына карата даярдыгы, билим берүү тармагынын жетишкендиктери жана көйгөйлөрүн карап чыгуу үчүн жумушчу комиссиясынын

А Н Ы К Т А М А С Ы

Баткен шаардык Кенешинин  2021-жыл учун бекитилген иш планына ылайык” Баткен шаарынын аймагындагы билим берүү тармагынын техникалык базасы, 2021-2022-окуу жылына 2021-2022-жылдардын күз-кыш айларына карата даярдыгы, билим берүү тармагынын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жонундо” бекитилген планга ылайык Баткен шаардык Кенешинин 2021-жылдын 21-июндагы №01-7/14 буйругуна ылайык жумушчу комиссия толугу менен графикке ылайык бардык билим берүү тармагы каралып чыгылды.

Максаты:

- Баткен шаарындагы билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;

- билим берүү мекемесинин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышын текшерүү;

- мыйзамдардын же башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу жана сактабоо фактыларын аныктоо жана аларды кесүү боюнча чараларды көрүү (Шаардык кенештин  компетенциясынын чегинде);

- билим берүү процессин уюштуруудагы оң жана терс тенденцияларды аныктоо жана анын негизинде оң тажрыйбаны жайылтуу жана терс тенденцияларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

-мыйзам бузуулардын негиздерин талдоо жана алардын алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо;

- жогорку бийлик органдарынын буйруктарын аткаруунун жана мектеп ичиндеги деңгээлдин натыйжаларын талдалды

Баткен шаарындагы билим берүү мекемелери жөнүндө маалымат.

Баткен шаарынын аймагында 6 орто мектеп, 1 гимназия  мектеп-интернаты, 2  башталгыч мектеп, 5 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.  Бул билим берүү мекемелеринде 2020-2021- окуу жылында  6614   окуучуга 390 мугалим,  5  мектепке  чейинки  мекемелеринде  1120  балага 53  тарбиячы билим-тарбия берүүдө.

Жалпы ишмердүүлүк боюнча:

Жыл  сайын окуучулардын предметтик олимпиадалары окуу планындагы 12 сабактан алгач мектептерде,  андан кийин шаарда өткөрүлүп  келет.   Шаардын  атынан  чыккан  окуучулар  өзүңүздөр  байкагандай  ар  жылы  предметтик  олимпиаданын областтык, республикалык  турларында  1, 2, 3, 4 байгелүү   орундарды  ээлеп  келишүүдө.

Шааардык  мэрия, билим берүү бөлүмү жана шаардык профсоюз комитетинин ортосунда үч тараптуу келишимге ылайык  жыл  сайын областтык, республикалык  олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген окуучулардын окуткан мугалимдердин иши өзгөчө бааланып,  мугалимдердин чыгармачыл ишине стимул берүү максатында  акчалай  жардамдар  берилип  келет.  Быйыл акчалай  сыйлык  47 000 сомду  түзгон

Билим  берүү  мекемелеринин  жетекчилери  тарабынан  ар  түрдүү  инвестициялар  тартылып,  билим  берүү  мекемелеринин материалдык-техникалык   базасын  чыңдоо,  аларды  оңдоп-түзөө  боюнча  да  бир  топ  иштер  аткарылган. Алсак, 2018-жылда  АБР  тарабынан  30 инновациялык  мектептин  катарына  кирген  Баткен  областтык  гимназия-жатак  мектебине  4млн 300 миң сомдук  колдоо  көрсөтүлгөн.

В.И.Ленин, Кызыл-Жол, Ж.Бөкөнбаев, С.Айтматов   жана  А.Имаров-Кызыл  Топу  атындагы  орто  мектептерине  демөөрчүлөр  тарабынан  кичи  футбол  аянтчалары, С.Айтматов орто мектебине Добутовдордун  үй-бүлөсүнүн  демөөрчүлүгү  менен  8 млн.сомдук  спорттук  зал,  Кызыл-Жол орто  мектебинде элдин, жергиликтүү  бийликтин  колдоосу менен спорт зал курулду.

Региондорду  өнүктүрүү жана  өлкөнү  санариптештирүү  жылына  карата Ж.Бөкөнбаев, В.И.Ленин, Кызыл-Жол орто жана  Баткен  областык  гимназия-жатак  мектептери   камкорчулар кеңешинин, бүтүрүүчүлөрдүн    колдоосу   менен  11  акылдуу  доска  алынып, окуучулардын  коопсуздугун  камсыз  кылуу  максатында 6  мектепке  70  даана  видео  байкоо  орнотулган.

2019-2020-жылдары  шаарыбыздын  9  мектебин  ремонттон  өткөрүү  үчүн  республикалык  бюджеттен  425 800 сом,  жергиликтүү  бюджеттен  200 000  сом   акчага  бөлүнгөн. Атап  айтсак, Баткен  областтык  гимназия-жатак  мектебинин  ашканасы  жана  балдардын  жатаканасы   капиталдык  ремонттон  өттү. Кызыл-Жол орто  мектебинин  11 класстык  бөлмөсү  коридору  менен  кайрадан  шыбалып  жаңыланды.  С.Айтматов   атындагы  орто  мектебинин  5 класстык  бөлмөсүнүн  айнектери  алмаштырыпып, дубалы  кайрадан   шыбалды.  В.И.Ленин  атындагы  орто  мектебинин  бардык   класстык  бөлмөлөрүнүн  полдору  жаңыланып  бүттү. Ж.Бөкөнбаев  атындагы орто  мектебинин  сырты  сырдалып, беседкалар  орнотулган

2019-жыл  А.Имаров-Кызыл  Топу  атындагы  орто  мектеби  ВПП ООНдун  7-агымына  кирип, учурда  мектептин ашканасы мэриянын  колдоосу  менен  ремонттон  өткөрүлдү.

2019-2020-окуу  жылына  шаардын  4  балдар  бакчаларын  оңдоо  түзөө  иштери  үчүн  452 838 сомдук  тендер  жарыяланып,  натыйжада 396 067 сомдук  оңдоо-түзөө  иштери  4  балдар  бакчасында  бүткөрүлгөн.

2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштурууда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулардын жана педагогдордун коопсуздугун камсыздоо максатында  В.И.Ленин, С.Огата, Баткен областтык гимназия-жатак  мектеби, А.Имаров-Кызыл  Топу,  Ж.Бөкөнбаев, С.Айтматов,  Кызыл-Жол  орто мектептеринин  кире  беришине  кол жуугучтар  коюлуп, ысык-суук  суу  чыгарылып, пайдаланууда. Жалпысынан 400000 сом  инвестиция тартылган.

С.Огато  атындагы  орто  мектебине  кошумча  4 окуу  каанасы, 1 китепкана  курулууда.

Баткен  шаарындагы  Кызыл-Жол  кварталындагы  Акжолтой-Баткен  балдар  бакчасы  2021-жылдын  24-майынан  тартып  өз  ишмердүүлүгүн  толук  түрдө  баштады.

 

2018-2019-2020-2021-жылдарга карата  мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын облустук турундагы ийгиликтери

 

№

Мектептин

Аталышы

2018-2019-окуу жылы

жалпы  упай

2019-2020-окуу жылы

жалпы  упай

2020-2021-окуу жылы

жалпы  упай

I

 

II

 

III

 

I

 

II

 

III

 

I

 

II

 

III

 

 

 

1

В.И.Ленин о.м.

 

 

 

 

1

 

 

3

 

 

 

 

 

2

Ж.Боконбаев о.м.

 

 

 

 

1

 

1

4

 

2

2

6

 

3

Баткен гимназия

3

3

3

19

4

3

5

23

3

3

4

19

 

4

C.Айтматов а.о.м.

 

 

 

 

 

 

1

1

 

 

 

 

 

5

Кызыл Жол о.м.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6

А.Имаров-Кызыл Топу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

 

 

Жалпы  область арасында   ээлеген орду

 

 

 

19 упай

2-орун

6

3

7

31 упай

1-орун

9

10

7

26 упай 2-орун

 

Баткен шаардык билим берүү мекемелерине жергиликтүү бюджеттен каралган суммалар

2018-жылга

2019-жылга

2020-жылга

2021-жылга

1

Мектептер

Иш чаралар    -       221

791,5

166,6

281,2

157,3

Сатып алуулар  -           222

983,7

896,0

1107,0

1107,0

Ком кызматтар-            223

2881,6

2924,0

2630,8

2630,8

Эмеректер                       311

64,3

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

4721,1

3986,6

4019,0

3895,1

2

Аппарат

Иш чаралар    -       221

986,4

491,4

762,3

531,1

Сатып алуулар  -           222

0,0

0,0

103,0

104,0

Ком кызматтар-            223

0,0

0,0

74,1

32,0

Эмеректер                       311

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

986,4

491,4

939,4

667,1

3

Бала бакчалар

Иш чаралар    -       221

3425,0

3030,0

3629,4

2696,2

Сатып алуулар  -           222

137,1

100,0

150,0

530,0

Ком кызматтар-            223

1131,4

1199,7

1455,1

1455,0

Эмеректер                       311

0,0

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

4693,5

4329,7

5234,5

4681,2

4

Башталгыч мектептер

Иш чаралар    -       221

15,8

15,8

15,8

15,8

Сатып алуулар  -           222

157,0

157,0

53,0

53,0

Ком кызматтар-            223

290,0

290,0

543,0

543,0

Эмеректер                       311

0,0

0,0

0,0

Жалпы:

462,8

462,8

611,8

611,8

Бардыгы:

10863,8

9270,5

10804,7

9855,2

 

Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

Шаардык билим беруу болуму шаардык орто мектептерге жана мекепке чейинки мекемелердин кезектеги ондоп тузоолор уч ар бир окуучусанына карап 613936 мин сом алууга тийиш болсо, акыркы 3-4 жылдан бери бул каражатты ремонт учун республикалык бюджеттин толугу менен албай келет. Мунун себеби тушундурулуусуз калып кетип жатат. Эмне себептен республикалык  бюджеттин албай келип жатат?

А. Имаров атындагы №3 орто мектеби боюнча:

А. Имаров атындагы №3 мектеп 2012-жылы ишке берилген. Ашкана жок болгондуктан, бир кабинетти ашканага ылайыкташтырышкан. Мектептин актылар залы жок. Материалдык-техникалык базасы канааттандырарлык. 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен 23 окуучу 11-классты аяктады. Катышкан окуучулардын 39%ы 110 баллдан өткөн эмес. Китеп фонду жетишсиздик кылат. Окуучулар 50% китеп менен камсыз болгон.  Камкорчулар кеңеши иш алып барат. Уставы, күбөлүгү менен тааныштык.

Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби боюнча:

Аталган мектеп толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж. Окуу кааналарынын терезелери эскирген, парта, отургучтар жаңыланышы  керек. Класстардагы окуучунун саны нормадан ашыкча. 2020-2021-окуу жылында 2032 окуучу билим алган. 11-классты 31 окуучу аяктаган болсо, алардын 10у 105 баллдан өткөн эмес. Камкорчулар кеңеши мектепке материалдык-техникалык базаны чыңдоого көмөк көрсөтөт. Бирок камкорчулар кеңешинин күбөлүгү жана уставы менен тааныша албадык.

Баткен облустук гимназия-жатак мектеби боюнча:

Мектептин жатаканасынын имаратынын эскилиги жеткен. Жаан суулары пайдубалдын чөгүшүнө алып келген. Мектептин ажатканасы да начар абалда. Актылар залы жок. Иш-чаралар дээрлик ашканада өткөрүлөт. Жаңыдан уюштурулган кошумча окуу кааналарынын алдын бетондош керек. Эң орчундуу маселелердин бири – 1962-жылы курулган 1-корпустун аварийлык абалга жеткендиги. Архитектуранын кызматкерлери күбө болгондой эле имараттын шыбы ийилип, кооптуу абал жаралган. ӨКМдүн адистери атайын текшерүүдөн өткөрүп, мүмкүн болсо “авариялык абалда” деген бүтүм чыгарып бериши керек. Аталган мектепте камкорчулар кеңеши ар бир окуучудан жылына 6000 сомдон жыйнайт.

Кызыл-Жол орто мектеби боюнча:

 

Кызыл-Жол орто мектебинин имараты 1977-жылы ашар жолу менен сынч, таш пайдубал түрүндө курулгандыктан, азыр авариялык абалга жетип, пайдаланууга мүмкүн болбой калган. Мектептин китепканасы 7000 китеп фондунан турат. Бул окуучулардын 85%ын китеп менен камсыз кылганга жетет. Айылдык тургундардын, мэриянын жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен спорт залы курулуп, мектептин балансында турат.

 

Кызыл-Жол башталгыч мектеби боюнча:

 

Мектептин имаратынын абалы жакшы. Кыш-күз айларына карата даярдык иштери жүрүшү керек. Себеби заманбап электр жылыткычтар орнотулганы менен монтаждоо иштеринде кемчиликтер бар. Мектеп директорунун айтуусу боюнча мектепке 1.6 га жерге токтом чыккан экен. Азыр мектепке тийиштүү 1.3 га жер бар. Бирок берилген жердин бардыгы тосулган эмес. Мектепке тийиштүү жер аянтын тосмого алып берүү жагын караш керек.

 

С. Айтматов атындагы орто мектеп боюнча:

 

Мектептин имараты толугу менен авариялык абалда турат. Окуу кааналарынын полу чөгүп, кооптуу абал жаралган. Каридорлордун айрым жерлери чөккөн болсо, кээ бир бөлүктөрү көтөрүлүп кеткен. Мектептин компьютер лабороториясында эскилиги жеткен 9 компьютер бар. Алар заман талабына жооп бербейт. Мектепти жаңы окуу жылына даярдоо үчүн ремонтко республикалык, жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 56 000 сом бөлүнгөн.

 

В.И.Ленин орто мектеби боюнча:

 

Мектепте 1932 окуучу билим алат. Жаңы окуу жылына карата ремонтко республикалык бюджеттен 132000 сом, мэриядан 36 000 сом, камкорчулар кеңешинен 47000 сом каралган. Краска, акиташ өңдүү курулуш каражаттары алынып берилип, актап сырдоо иши ар бир кабинеттин ээсине жүктөлгөн. Акысы төлөнүп берилбегендиги үчүн нараазычылык билдирген мугалимдер бар. Жаңы курулаган ажатканага керектелүүчү суу маселесин чечиш керек. Мектептин күн чыгыш жагында жашаган Темиров Жеңиш аттуу тургун мыйзамсыз түрдө мектептин жер тилкесинин бир бөлүгүн ээлеп алган. Андан сырткары терезесин мектеп жакка каратып дүкөн ачып койгон. Бул маселени оңунан чечип, окуучулардын коопсуздугун үчүн дүкөндү жаптырып, жер тилкесин кайтарып алууну тездетиш керек. Көпчүлүк окуу кааналарында камкорчулар кеңешинин, долбоордун аркасы менен парталар жаңыланып, полдор жасалган. Талапка жооп бербей калган парталар, доскалар да бар. ЖРТга катышкан 64 окуучунун 34ү 110 баллдан өткөн. Бул 47%ды түзөт. 

Аталган мектепте камкорчулар кеңеши иш алып барат. Кеңештин төрагасы болуп ушул эле мектептин завхозу СаматовМахмасали иштеп келатат. Мектептин кызматкеринин Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп иштөөсүн мыйзамдын чегинде текшериш керек. 2019-жылдын 1-октябрында Билим берүү жана илим министри К. Исаков чыгарган №1151/1 буйругу негиз катары каралсын.

 

С. Огата мектеби боюнча:

 

6 окуу каанасынан турган С.Огата мектебинде 332 окуучу билим алат. Мектептин имаратынын абалы канааттандырарлык. Кабинеттер жетишпегендиктен 3-4-класстын окуучулар 3 смен менен билим алат. 160 бала ысык тамак менен тамактанган аашкананын абалы начар. Мектептин китепканасы жок. Мектептин территориясын тосуу жагын жергиликтүү бюджеттен каржылап берсе жакшы болот.

 

“Өрүкзар” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

 

Бул балдар бакчасына азыркы тапта такай келип турган балдардын саны – 150. 350 бала катталган. Бакчанын имаратынын абалы канааттандырарлык. Кырсыктын алдын алуу максатында мекеменин айланасындагы узун бойлуу дарактардын боюн кыскартуу, эскилерин тазалоо жумушу жасалышы керек. Бакчанын тосмолорунун абалы начар болгону себептүү, оңдоп түзөөгө муктаж. Эмеректери тууралуу айта турган болсок, көпчүлүк шкафтар, керебеттердин эскилиги жеткен жана терезелер шамал өңдүү кубулуштарда кооптуулук жаратат. Ашканада тамак-аш даярдоо үчүн бети сырдалган столдорду пайдалануу санитардык талаптарга жооп бербейт. Андан сырткары кээ бир тайпаларга уктаганда жаздык коюлбайт. Муну СЭСтин  уруксат бербегендиги менен түшүндүрүштү. А айрым тайпаларда ата-энелер демөөрчүлүк кылып алып бергендиги үчүн жаздык коюлган. Бакчанын алдындагы балдар ойногон аят иретке келтирилсе жакшы болот.

“Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Имараттын абалы жакшы. Тайпалардагы керебеттер жана шкафтар дээрлик жаңыланган. Бөлмөлөрдө ачык электр зымдары, жабылбаган каробкалар бар. Терезелердин эскилиги жеткендиктен, алмаштыруу зарылдыгы бар. Бакчанын күн чыгыш жагындагы жол жаңылангандан кийин жолдун деңгээли көтөрүлүп тосмолорун жаңылоо муктаждыгы пайда болгон. Балдардын оюн аянтындагы инвентарларды жаңылоо,оңдоп түзөө керек.

Андан сырткары бакчада атайын билимин тастыктаган диплому жок иштеп аткан  Авашева Зина аттуу тарбиячы бар.  Мындан сырткары кыргыз тили, орус тили, биология мугалимдери да тарбиячы катары эмгектенет. Атайын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн аяяктаган адистер эмгектенсе талапка ылайык болот.

“Акжолтой-Баткен” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бала бакчанын кыш-күз айларына даярдыгы канааттандырарлык эмес. Курулушу бүткөрүлүп, өткөрүлүп берилгенине 1 жыл боло элек бакчада 36 даана жылытуу батареясы сынык абалда. Андан сырткары кээ бир бөлмөлөрдө электр точкалары иштебейт. Жаңы болсо дагы төшөлгөн асфальттын айрым бөлүктөрү чөккөн. Оюн аянтчасындагы атракциондордун үчөө-төртөө сынган. Саркынды суулар аккан канализания куурларында уклон жок болгондуктан, ажаткананын суулары кетпей калат. Проектте сметада каралган эмеректер толук берилген эмес.

Мындан сырткары, 28-май күнү өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунда шаардык кеңештин токтомусуз эле ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн ай сайын төлөнүүчү 800 сомду 1000 сомго көтөрүшкөн. Бул чогулушка шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А. Акматбеков да катышкан. Ал эле эмес чогулуштун протоколунда катышкан ата-энелеринин колу жана ата-энелеринин аты-жөнү окшош кол жазмалар менен жазылган. Бир эле ата-эненин аты-жөнүн бир канча жолу көрүүгө болот. Протокол жасалма болушу да мүмкүн. Бааны 1000 сомго которуудо коомдук такууга коюлуп андан кийин туруктуу комиссиянын кароосу менен сессиянын кун тартибинде шаардык Кенештин бекитуусу менен ата энелердин взносунун тарифи бекитилууго тийиш болчу.Кыргыз Респукбликасынын  2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары жонундо” №101 Мыйзамынын 4-пунктуна ылайык жергиликтүү жыйымдардын ставкаларын бекитүүгө тийиш маселелер толугу менен биринчиден коомдук талкууда коомчулуктун ой пикири эске алынышы керек болчу.

“Булак-Башы” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бала бакча Булак-Башы массивиндеги башталгыч мектебинин имаратында жайгашкан. Мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштагандан кийин ашкананын жоктугунан бакча азыркы күндө иштебей эле турат. Бакчанын ашкана көйгөйүн чечүү үчүн ашкана иретинде колдонулуучу контейнерге бир топ жолу тендер жарыяланган. Бирок азыркы күнгө чейин бакчанын ашкананын маселеси чечилбей келет.

“Данектай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча:

Бала бакчанын имаратынын абалы канааттандырарлык. Бирок балдардын уктоочу, ойноочу бөлмөлөрү балдардын санына караганда тардык кылат. Эмеректердин абалы жакшы. Бакчанын актылар залы жок. Бул маселени чечүү үчүн сметалык баасы 1205000 сомдук долбоор даярдалган. Мунун менен бакчанын актылар залы маселеси чечилет.

Жалпысынан Баткен шаарынын билим берүү тармагында жогорудагы белгиленген катачылык, жетишпегендиктердин негизинде шаардын социалдык тармагын тейлеген шаар мэриясынын вице-мэри  И.Рыскуловага жана Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы ААкматбековдун аткарып жаткан иш аракеттерин жетишсиздиктен канаатандыраалык эмес экендиги белгиленсин.

-Баткен шаарынын социалдык тармагын тейлеген вице-мэр И.Рыскулованын жана Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Акматбековдун аткарган иштери канаатандыраалык эместиги  шаардык Кенештин кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталсын.

 

Комиссиянын төрагасы, депутат -                                       Абдинаби уулу Санжар

                     Мүчөлөрү:, депутат -                              А. Мурзалиева                       

                                               депутат -                                                 А. Исакова

                                   депутат -                                     Ж. Апызаалы кызы

                                    депутат -                                                Н. Абдуллаев

 

                                             мүчөлөрү:                                    И. Рыскулова

                                                                                                   А.Акматбеков