Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 26
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен –Таза-Суу” чарбалык эсебиндеги муниципалдык ишканасынын директору кызмат орунуна Д.С.Мамадиевге макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндү №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутунун 4-пункутчасына, 44-беренесинин 3-пункутуна жана Баткен шаар мэринин 2021-жылдын 22-июлдагы №01-21/804 кызматтык катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Баткен-Таза-Суу” чарбалык эсебиндеги муниципалдык ишканасынын директору кызмат орунуна Мамадиев Доранбек Сүйүнбаевичке макулдук берилсин
2.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |