Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 28
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына, Баткен шаарынын экс-мэри Ж.М.Жалаловго Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндү №101 Мыйзамынын 37-беренесинин 12-пункутуна жана “Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү” жобосунун 2.1;2.2; 2.3-пункуттун 2-пункутчаларына жана Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 24-июлдагы №01-21/819 сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын экс-мэри Жалалов Жаныбек Махматалиевичке, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына, Баткен шаарынын 2013-2016-жылдар аралыгында ар тараптуу өсүп өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин киреше жагын толтурууда, шаардын инфраструктурасына жакшыртууда жана инвестицяны тартууда көрсөткөн зор эмгеги үчүн Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Токтом шаар калкына коомдук саясый “Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтомду мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |