Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 35
Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “Шаардын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 2018-жылдын 21-июндагы №01-8/21 токтому менен бектилген жобосуна Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаарынын жамааттык Мыйзамынын (Уставынын) 116;117;118;119;120беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү №101 Мыйзамынын 4-Главасына 37-беренесинин 12-пункутуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Xсессиясынын №01-8/21 токтому менен бекитилген жобосунуна өзгөртүү киргизүү максатындаБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат
1.Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “Шаардын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 2018-жылдын 21-июндагы №01-8/21 токтому менен бектилген жобосунун 4.2-пункутуна өзгөртүү киргизилсин.
2.Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына 2021-жылга каралган атуулдук квотага кошумча 2 квота кошулуп жалпы 4 атуулдук наам ыйгарылсын.
3.Шаардын ”Ардактуу атуул” наамы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына, 2021-жыл үчүн жүргүзүлөөрү эскертилсин.
4.Токтом, шаар калкына “Өрүкзар” коомдук-саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облсутук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Тѳрага
Кол коюучулар Мурзалиева А Дүйшеева У Алдашова Ж
| А.Аширов |