Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 39
Баткен шаарынын борбордук аянтчасындагы В.И.Лениндин эстелигин аянтчадан алып салууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;3-пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 27-июлдагы №01-21/829 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат
1.Баткен шаарынын борбордук аянтчасында турган В.И.Лениндин эстелигинин эскилиги жетип, бузула баштагандыгына байланыштуу борбордук аянтчадан алынып салынсын.
2.Токтом шаар калкына Баткен шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы жана шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Бекитилген токтомду мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |