Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 38
Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн арасына жана К.Турмаматов көчөсүндөгү көпүрөөнүн күн чыгыш тарабынагы ММД балансасындагы жерге ЮНИСЕФтин колдоосу менен балдар ойноочу аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5 -пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын июндагы №01-21/840 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат
1.Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн арасына жана К.Турмаматов көчөсүндөгү көпүрөөнүн күн чыгыш тарабынагы ММД балансасындагы жерге ЮНИСЕФтин колдоосу мененбалдар ойноочу аянтча курууга макулдук берилсин.
2.ЮНИСЕФтин колдоосу менен Баткен шаарына келип түшкөн 1000000 сом акча каражаты балдар ойноочу аянтчанын курулушуна бөлүнөп берилсин.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы жана шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Бекитилген токтомду мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |