Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 28-июлу № 40
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынан И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалы үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31- беренесинин 1;5-пункуттарына, Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 22-июлдагы №08-21/805 катына жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктин балансасындагы, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынан 1,3 га жер аянтына спорт комплексин курууга пландалган жер аянтынын планына өзгөртүү киргизилип, спорт комплексин куруу токтотулсун.
2.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 1,3 га жер аянты И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалынын окуу, дарылоо жана илимий изилдоо комплексин куруу үчүн бөлүнүп берилүүгө макулдук берилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен областтык юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |