Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 7-июнь № 18
Баткен шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамынын 5-Главасына 42; 43-пункуттарына жанаКыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы “Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” №200 токтомуна, Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июндагы шаардын мэрин шайлоо өткөрүү жөнүндөгү протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович шайлоонун жыйынтык проколунун негизинде бекитилсин (протокол тиркелет)
2.Баткен шаарынын мэри болуп шайланган И.А.Буркановду бекитип берүү жагы КР жогорку органдарынан суралсын.
3.Баткен шаарынын мэри болуп И.А.Буркановдун шайлангандыгы жалпыга шаардык расимий сайт жана шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жарыялансын
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |