Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 7-июнь № 19
Баткен шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамынын 5-Главасына 31-беренеинин 2-пункуттарына жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 31-майындагы №1 кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин төмөнкүдөй бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Баткен шаардык Кеңешинин 3112 «Машиналар жана жабдуулар» беренесине 60 миң сом, ММД 3112 беренесиндеги «Стадиондун сахнасына каралган 800 миң сомдон кыскартылып», шаардык Кеңешке сессияларды өткөрүүдө стенограмма үчүн (камера жана микрафон орнотууга) кошумча каралып берилсин,
-ММД 3112 беренесиндеги “Стадиондун сахнасы үчүн каралган 800 миң сомдон 70 миң сом кыскартылып, Шаар мэриясынын 2215 «Дагын башка кызмат көрсөтүүлөр беренесине» 70 миң сом , банерлер жана «Коопсуздук -2021» окуу машыгууга керектүү күйүүчү майлар менен камсыздоо үчүн» кошулуп берилсин.
-Баткен мэриясынын алдындагы автогараж муниципалдык ишканасынын 11440 сом 2214 «Транспорттук чыгымдар беренесинен» кыскартылып, 2211 «Комондировкалык чыгымдар» беренесине кошулуп берүүгө,
-ММД 3112 беренесиндеги “Стадиондун сахнасы үчүн каралган 800 миң сомдун 26 миң сому кыскартылып, ММД 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренесине “Резиденциянын айланасына арчаларды өстүрүп көрктөндүрүү үчүн бекитилип берилсин
2.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |