Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясынын
2021-жылдын 11-май № 15
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын төрагасынын орун басарлары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамынын 4-Главасына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү, Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын төрагасынын орун басарлары болуп ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Гаипов Урустамбек Алиевич (1-орун басар), Мурзалиева Аймактым Шоруковна (2-орун басар) бекитилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
3.Токтом шаар калкына шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы жана шаардык Кеңештин расимий сайты аркылуу жарыялансын.
Төрага: | А.Аширов |