Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2021-жылдын 21-декабрь № 48
Баткен шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамын 31-беренесинин 2-пунтунун жана Баткен шаардык кенешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 14-15-декабрындагы отурмунун протоколу жана кортундусу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамын 31-беренесинин 2-пунктунун жана Баткен шаардык кенешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 14-15-декабрындагы отурмунун протоколу жана кортундусунун, Баткен шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 10-декабрдагы №397 токтомунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин төмөнкүдөй бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
-Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылга каралган чыгымдарынын сметасын 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясы 400,0 миң сомго кыскартылып, 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясы 400,0 миң сомго көбөйтүлсүн, Баткен шаардык бириккен Аскер комиссиариатынын 2020-жылга каралаган 2111 “Эмгек акы төлөө” статьясы 30,0 миң сомго,2214 “Таранспортук чыгымдар” статьясы 10,0 миң сомго, 2212 “Байланыш түйүнү” статьясы 13,0 миң сомго баары болуп 53,0 миң сомго кыкартылып, 2121 “Социалдык фондко чегерүү” статьясы 30,0 миң сомго 2231 “Сууга төлөө” статьясы 23,0 миң сомго баары болуп 53.0 миң сомго көбөйтүлсүн. Баткен шаардык автогараж муниципалдык ишканасынын 2020-жылга каралган сметасынын 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясы 80,0 миң сомго кыскартылып,2211 “Комондировкалык чыгымдар” статьясы 80,0 миң сомго көбөйтүлсүн. “Нур” калыптандыруу борборунун 2020-жылга каралган сметасынын 2218 “Тамак аш” статьясы 168,9 миң сомго кыскартылып, 2111 “Эмгек акы” статьясы 150,9 миң сомго, 2121 “Социалдык фондко чегерүү” статьясы 18,0 миң сомго баары болуп 168,9 миң сомго көбөйтүлсүн. Баткен шаардык Кеңешинин 2020-жылга каралган сметасынын 2211 “Комондировкалык чыгымдар” статьясы 80,0миң сомго кыскартылып, 2111 “Эмгек акы” статьясы 70,0 миң сомго, 2121 “Социалдык фондко чегерүү” статьясы 10,0 миң сомго баары болуп 80,0 миң сомго көбөйтүлсүн. Баткен шаардык Кеңешинин 2020-жылга каралган сметасынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 20,0 миң сом акча каражаты, Баткен шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасынын редакциясынын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн которулуп берилсин.
-Баткен шаарынын билим берүү тармагындагы бала-бакчалардын 2020-жылга каралган сметасынын 2232 “Электр энергияга төлөө” статьясы 200,0 миң сомго, башталгыч мектепердин 2232 “Электр энергияга төлөө” статьясы 300,0 миң сомго, орто мектептердин 2232 “Электр энергияга төлөө” статьясы 300,0 миң сомго баары болуп 800,0 миң сомго кыскартылып, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылга каралган сметасынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” 320,0 миң сомго, 3111 “Имарат жана курулмалар” статьясы 250,0 миң сомго, 3112 “Машина жана жабдыктар” статьясы 160,0 миң сомго, баары болуп 800,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2.Токтом ММК жарыялансын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Ташбеков |