Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2021-жылдын 21-декабрь № 50
Баткен шаарынын аймагында агротехникалык жана агрохимялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн жеке агрономдун кызмат акысынын баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 16-пункутуна Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 16-декабрдагы №01-21/1199 кызматтык катынын, Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагында дыйкан чарбаларга, кооператив, жеке менчик жерлерге, бактарга агротехникалык жана агрохимялык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жеке агрономдун кызмат акысы төмөнкүдөй бекитилсин:
-бир түп жаш даракты кесип бутоо жана дарылоо – 25 сом
-бир түп чоң даракты кесип бутоо жана дарылоо -50 сом
2.Токтом шаар калкына ММК аркылуу жеткирилсин.
3.Токтомду мамлекетик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн
4.Ушул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага: | А.Ташбеков |