Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)
2020-жылдын 30-ноябры № 247
Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин фукционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 26-ноябрындагы №333/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы №10 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын Бадыгин көчөсүнүн №2 дарегиндеги жалпы аянты 3098,50 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймакты “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар жана спорттук ден соолукту чыңдоо курулмалары” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн “Көп кабаттуу турак жайлар” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө өзгөртүүгө, Ош шаарынын башкы планынын жана тиешелүү мыйзамдардын талаптарын аткаруу шарты менен, макулдук берилсин:
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) аталган жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын нормаларын сактоо менен иш алып баруу жана курулуштарга уруксат берүүдө шаар куруу түйүнүн эске алуу милдеттендирилсин.
3.Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Токошев) аталган жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүдө тиешелүү кызматтардын, корутундулары жана макулдугу алынгандыгын көзөмөлдөө жана Ош шаарынын Башкы планынын талаптарына ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы | Ж.Ормонов |