Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)
2020-жылдын 30-ноябры № 249
“Ош клиникасы” медициналык борбору жайгашкан муниципалдык имараттын ижара акысын жеңилдетүүгөмакулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы №311/08-6 жана “Ош клиникасы” медициналык борборунун 2020-жылдын 10-октябрындагы №102-21 каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы №18 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы №03-15/7926 катын жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ош клиникасы” медициналык борбору жайгашкан муниципалдык имараттын 2020-жылдын 24-мартынан 1-сентябрга чейинки ижара акысын жеңилдетүүгө макулдук берүү боюнча маселени кайрадан карап чыгуу үчүн тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна сунушталсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы | Ж.Ормонов |