Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)
2020-жылдын 30-ноябры № 245
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 27-январындагы «Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү» жөнүндөгү №224 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 22-октябрындагы №302/08-6 жана 2020-жылдын 2-ноябрындагы №309/08-6 каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы №16 жана №17 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-3-тиркемеде:
-3-пункттагы “137 619,4”деген сандар “140 619,4”деген сандарга алмаштырылсын;
-5-пункттагы “79 877,2” деген сандар “76 877,2”деген сандарга алмаштырылсын.
-9-тиркемесинин 20-пункттундагы “LED экран жана аппаратура сатып алууга” деген сүйлөм “Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүн реконструкциялоо иштери үчүн” деген сүйлөмгө алмаштырылсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Ж. Ормонов |