Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)
2020-жылдын 30-ноябры № 249
Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш өнөктүгүн өткөрүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш өнөктүгүн өткөрүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш өнөктүгүн өткөрүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
- билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине кыш мезгилинде берилип жаткан жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө;
- шаар тургундарын отун, көмүр менен камсыздоо боюнча тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүү;
- Ош шаарындагы жаңы конуштарды электр энергиясы жана электр мамычалары, чубалгылары менен камсыз кылуу иштерине көмөктөшүү;
- шаардагы айрым ээлери жок электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча мыйзамда каралган тартипте иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Жылуулук электр борборуна (А.Аттокуров), «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына (Б.Кадырбердиев) жаратылыш газын, мазутту, көмүр отунун максаттуу пайдалануу менен социалдык обьекттерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов), «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына (Д.Токторбаев), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) күз-кыш өнөктүгүнүн жүрүшүндө атайын техникалар, инерттүү материалдар менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалып, бекитилген иш-чаралардын негизинде иш алып баруу тапшырылсын.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
| Ж.Ормонов |