Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)
2020-жылдын 30-ноябры № 243
Пандемия учурунда шаар калкынын саламаттыгын сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Ош шаарынын вице-мэри Э.Шадыхановдун Ош шаарынын аймагында пандемия учурунда шаар калкынын саламаттыгын сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2020-жылдын 17-ноябрындагы №8 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов)
-жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушун тез арада бүткөрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
-базарларда, соода түйүндөрүндө, коомдук транспортто жана башка эл көп чогулган жерлерде залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү боюнча, менчигинин түрүнө карабастан, менчик ээлеринин, «Ош шаарынын мамлекеттик залалсыздандыруу бекет» мекемеси менен келишим түзүүлөрүн уюштуруу;
-балдар бакчаларынын жана мектептердин окуу процессин баштоо боюнча даярдыктарын көзөмөлдөө;
-аз камсыз болгон жарандарды пандемия учурунда социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу;
-айлык акылардын, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө;
-шаардын бюджетин түзгөн мекеме-ишканалардын үзгүлтүксүз иштешине тиешелүү шарттарды түзүү жана аларга колдоо көрсөтүү;
-Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо жана социалдык коргоо боюнча шаардагы мекеме-ишканалардын ишмердигин көзөмөлгө алуу;
-Ош шаардык оорукананын терапия стационарынын эскилиги жеткен авариялык абалдагы имаратынын ордуна жаңы балдар бакчасын курууда, Ош шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун №4 филиалына кошумча имарат куруу милдеттендирилсин.
2.Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору, шаардык медицина тармагынын координаторуна (К.Ташполотов)
-коронавирус илдетине чалдыккан оорулуулар үчүн орундарды, дары-дармектерди, медицина жабдыктарын жана аларды тейлеген медицина кызматкерлери үчүн медициналык коргоо каражаттарын жеткиликтүү өлчөмдө даярдоо;
-ооруканаларды керектүү адистер менен камсыздоо максатында кошумча адистерди даярдоо, алардын резервин түзүү иштерин жүргүзүү;
-коронавируска чалдыккандарды табуу, иликтөө, дарылоо, ташуу, кеңеш берүү менен алектенген медицина мекемелеринин (үй-бүлөлүк медицина борбору анын филиалдары, ооруканалар, санэпидкөзөмөл борбору, Ош шаардык медициналык шашылыш жардам борбору, колл-борборлор) тыгыз байланышта иштөөсүн камсыздоо;
-кызыл зонада иштеп жаткан медицина кызматкерлерин калориялуу тамак-аш менен камсыздалышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
3.Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна (А.Шамшиев)
-мобилдик топтордун иштерин күчөтүү, алар тарабынан ооруган жарандарга өз убагында кеңеш берип, ыкчам медициналык жардамды көрсөтүүнү камсыздоо;
-үй-үлөлүк дарыгерлер топторунун үймө-үй кыдырып, оорулууларды өз убагында табуу жана оорулардын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн камсыздоо;
-үй-бүлөлүк медицина борборунун жана анын филиалдарынын коронавирустун жайылышы менен күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерин тыкыр көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Ош аймактык башкармалыгына (М.Омокеев) медицина мекемелери дары-дармектерди, тиешелүү жабдыктарды жана медициналык коргоо каражаттарын сатып алуу үчүн акча каражаттары менен камсыздоо тапшырылсын.
5.Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (С.Орозбаева)
-муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин, кафе, ресторандарды текшерүү рейддерин жүргүзүү;
-коронавирустун очоктору табылган жерлерде өз убагында залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
6.Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (М.Боронов) Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте кафе, ресторандарда санитардык эпидемиологиялык талаптардын аткарылуусун текшерүү боюнча жүргүзүлүүчү рейддерге ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусун камсыздоо тапшырылсын.
7.Ош шаардык медициналык шашылыш жардам борборуна (Н.Шериева) чакырууларга тез жардамдын өз убагында баруусун жана оорулууларга кечиктирилгис тез жардам көрсөтүүнү камсыздоо милдеттендирилсин.
8.«Ош шаарынын мамлекеттик залалсыздандыруу бекет» мекемесине (А.Осмоналиева) базарларда, соода түйүндөрүндө, коомдук транспорт жана башка эл көп чогулган жерлерде менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдин негизинде залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
9.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов