Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/2
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019- жылдын 9 - айынын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы туралуу маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 –беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин 2019 –жылдын 9 - айынын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы туралуу маалыматы эске алынсын.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | З.Амангельдиев |
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылга түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү программасында каралган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат.
Чүй айыл өкмөтү жергиликтүү маселелерди чечүүдө, тышкы жана ички инвестиция тартуу боюнча жеке ишкерлер, мамлекеттик жана эл аралык донорлор менен жигердүү иш алып барат. Быйылкы жылы жергиликтүү бийлик тарабынан ондон ашык долбоор дайындалып, алардын ичинен ишке ашканы:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 9-январындагы «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жарлыгын ишке ашыруу максатында Чүй айыл өмөтүнө караштуу Арал жана Садовое айылдарында жайгашкан орто мектептерине жогорку ылдамдыктагы «Акнет» интернет провайдери орнотулду, долбоордун жалпы баасы 300 миң сом;
- «Мерсико» уюму аркылуу Арал айылынын жана Садовое айылынын И.Укуев атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарына ысык тамак менен камсыз кылынууда (жалпы долбоордун суммасы 1,5 млн.сом). Бүгүнкү күндө Чүй айыл өкмөтүнө тиешелүү 4 орто мектеби ысык тамак менен камсыз болууда;
- Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан, Арал айылындагы 2 километр аралык чоң жолдун жээгине прожекторлорду орнотуу иштери башталууда (долбоордун суммасы 1,0 млн. сом);
- Чүй райондук өнүктүрүү фондунан Чүй айылында жайгашкан «Кылым-Кыяматтары» мемориалдык комплексин реконструкциялоо иштери башталууда (жалпы суммасы 446 737 сом);
- Чүй айылындагы борбордук стадионого замамбап спорт коплексин курууга проекттик-сметалык документтери 280 миң сомго республикалык бюджеттен каржыланып мам.экспертизада кароодо турат (проектинин жалпы суммасы, болжол менен 25,0 млн. сом).
Сүйлошүүлөр жүрүп жаткан долбоорлор:
- Чүй айылынын таштандыларын чыгарууга атайын техника алуу, долбоордун жалпы суммасы 2,173 млн. сом жана Чүй айыл өкмөтүнө караштуу Садовое айылына жаңы таза суу магистралын куруу, долбоордун жалпы суммасы 4,750 млн. сом анын ичинен 1,3 млн. сом өздүк салым, Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн;
- Чүй айылынын Жаңы конушундагы таза суу магистралын аягына чыгаруу, долбоордун жалпы суммасы 19,5 млн сом, анын ичинен 4,5 млн. сомго иш аткарылган, маалекеттик курулуш агентствосуна өткөрүлүп, эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө;
- Арал айылынын орто мектебинин чатырын алмаштыруу (долбоордун баасы 1,2 млн. сом) жана Чүй айылындагы «Музыка мектебинин» экинчи кабатын куруу (долбоордун баасы 4,5 млн. сом анын ичинен 500 миң сом өздүк салым) Орто Азиядагы Америкалык кайрымдуулук фонду аркылуу чет өлкөлүк донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө;
- АРИСтин ПСИ-3 аркылуу Чүй айылына бала бакча куруу долбоору дайындалууда (долбоордун баасы болжол менен 17,0 млн. сом).
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылга карата түзүлгөн Чүй айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү программасы 5 негизги багытты өзүнө камтыйт:
- Жергиликтүү инфраструктураны жогорулатуу;
- Социалдык сектор;
- Капиталдык курулуш;
- Маданият жана спорт;
- Өзгөчө кырдаалдарды жоюу.
Жогорудагы аталган багыттарда төмөндөгү иштер кылынган:
Жергиликтүү инфраструктураны жогорулатуу багытында Чүй айыл аймагында тазалыктын үч айлыгы жарыяланып, айыл ичин көрктөндүрүү жана Чүй айылында жайгашкан Улуу Ата-Мекендик согушунун ардагерлерине арналган эстелик, «Кылым - Кыяматтары» мемориалдык комплексин оңдоп сырдоо иштери жүргүзүлгөн.
2019-жылдын 10 айынын ичинде айыл ичиндеги бардыгы болуп 1200 мЗ чар-жайыт таштандыларды чыгарылды жана элдин кожолуктарынан 4950 м3 таштандыларды чыгарылды. Баардыгы 6150 м3 таштанды чыгарылды.
Чүй айылындагы Береговая көчөсүнүн аягынан 150 метр узундуктагы жаңы дренаж казылып азыркы учурда Береговая көчөсүндөгү арыктарда жер астынан чыккан суу толугу менен кетти. Бул аткарылган жумушка жергиликтүү бюджеттен 396 300 сом акча каражаты сарпталды. Жыйынтыгында Чүй айылынын түндүк тарабындагы жерден чыккан суулар тартылып жаны казылган дренаж аркылуу суулар агууда.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын ички сугат суу арыктары эксковатор жана К-700 унаалары менен тазаланып азыркы күндө дыйкандарга сугарууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аткарылган жумуштарга жергиликтүү бюджеттен 443485 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттарын (название улиц) табличкаларын сатып алууга 45000 миң сом акча каражаты ошондой эле Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине көчө көрсөткүчтөр (указательные знаки)орнотуу иштерине жергиликтүү бюджеттен 274 500 сом акча каражаты чыгымдалды. Баардыгы болуп 319 500 сом акча каражаты сарпталган.
Чүй айылынын көп кабатту үйлөрүнөн чыккан таштандыларды таштаганга жаңы 23 даана контейнер 213 864 сомго сатып алынды.
Чүй айыл өкмөтүнүн таштанды ташуучу атайын унааларына 167 000 мин сомго тетиктерди алынып жасалууда.
Чүй, Садовое, Арал айылдарынын көчөлөрүнүн түнкү жарык берүүчү чырактардын лампочкаларын, дросильдерин алмаштырылып азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат.
Чүй айылынын ички көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жалпысынан 800 миң сомго 150 даана прожектор алынып, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен приоритеттүү болгон кочолор Межевая, Ломоносова, Линейная, Сельская, Покровская жана Полевая баардыгы болуп 6 километр аралык жарыктандырылды.
Чүй айылынын К- Маркса көчөсү (Межеваядан - Бригадная) 450м жана Новая (М. Сансызбаевден – К - Маркса) 350 м көчөлөрү асфальт төшөлдү жана Покровская – Ибраимова көчөсүнүн чункурлар, жалпысынан 5000 чарчы метрге асфальт төшөлдү, бул аткарылган иштерге жергиликтүү бюджеттен 3 303095 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй айыл өкмөтүнүн жумушчуларын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында Чүй айыл өкмөтүнө жаңы компютерлер 84000 сом акча каражатына алынып берилди.
Чүй айылынын борбордук стадионунун эшик, терезе жана түнкү жарык берүүүчү чырактары алмаштырылып бул аткарылган иштерге 75500 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
Чүй айылынын Сельская, Советская №187, Заводская №27 жана Шоссейная №1,2 заманбап балдар ойноочу аянтчалары салынууда жана бул иштерге 698 692 мин сомго жазалып жатат.
Чүй айылынын №1 жана №2 орто мектептеринин жылуулугуна каралган акча каражатын сарамжалдуу колдонуу максатында жылуулук системасына эсептоочүү эсептегичин текшерүүдөн өткөрүүгө 44 248 сом акча каржаты сарпталды.
Чүй айылындагы №1 Ф. Марков атындагы орто мектебинин жылуулук системасы 70000 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттен жасалууда.
Чүй айылынын №2, №1 орто мектептерине жана №1,№2 бала бакчаларга видео көзөмөл жургүзүүгө 220000 сом акча каржаты жергиликтүү бюджеттен тендер жарыяланды.
2019- жылдын 10 ай ичинде Чүй, Садовое жана Арал айылдарында 130 даана ээси жок жолбун иттер атылып “Беккари” чункуруна салынып өрттөлүндү.
Күз -кыш айларына даярдык көрүү максатында жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатына 220 тонна көмүр сатып алынды жана Арал орто мектебине 120 тонна, "Бакыт" бала бакчасына 25 тонна, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 75 тонна таркатылды.
Азыркы күндө турмуш-тирчилик бөлүмүндө 2 автоунаа менен көп кабаттуу үйлөрдүн жана Чүй айылынын кожолуктарынын таштандылары чыгарылып жатат.
2019- жылдын 10-ай ичинде Чүй айыл өкмөтүнүн өздүк чыгашасы –25222,3 млн жана киреше бөлүгү 29796,9 сомду түздү:
№ | Аты | 2019ж-10 ай |
1 | Киреше салыгы | 15121,3 |
2 | Бирдик салыгы | 158,6 |
3 | Ыктыярдуу патент салыгы | 2344,2 |
4 | Милдеттүү патент салыгы | 251,7 |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1304,1 |
6 | Автоунаалар салыгы | 2539,6 |
7 | Огород салыгы | 169,2 |
8 | а/чарба жер салыгы | 1264,5 |
9 | а/чарба жер салыгына кирбеген жерлер | 1657,9 |
10 | Сатуудан тушкөн төлөмдөр | 3290,4 |
11 | Башка салыктар жана чогултуулар | |
12 | Лицензия кармоо боюнча | 206,0 |
13 | Айыл ичиндеги жерлердин ижара акысы | 659,0 |
14 | Жайыт боюнча салыгы | 165,0 |
15 | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | 494,0 |
16 | Ичүүчү жана тех.суулар | 24,0 |
17 | Таштандылардан түшкөн төлөмдөр | 74,4 |
18 | Мам. Кызыкчылыгы үчүн | 15,0 |
20 | Жерг.маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө | 54,4 |
22 | Дагы башка жер астындагы суулар | 0,3 |
23 | Жерг.бюджеттин башка салыктары | 4,3 |
| Баардыгы | 29796,9 |
· Жумушчулардын эмгек маянасына - 5757,6 млн сом;
· Социалдык фондго которууларга - 751,5 миң сом;
· Байланыш кызматына – 78,0 миң сом;
· Компьютерлерди тейлөө кызматына-38,0 мин сом
· Электр энергиясына – 2972,3миң сом;
· Жылуулук энергиясына – 2996,6 млн сом;
· Таза сууга - 371,3 миң сом;
· Кызматтык барууга – 64,0 миң сом;
· ККИ (таллон) - 150,0 миң сом.
· Майрамдар - 287,5 млн сом.
· Социалдык бөлүм – 174,0 миң сом.
· ГСМге-768,0 миң сом
· Тетиктерди сатып алууга-167,0 миң сом
· Кошумча чыгымдарга-2618,9 миң сом
· Оңдоо иштерине-496,5 миң сом
· Сатып алууга-403,3 миң сом
· Көмүр сатып алууга-613,8 миң сом
· Негизги каражаттарга -6514,0 миң сом.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнүн
2019 – жылдын 10 – айынын ичинде аткарылган иштери тууралуу.
Чүй айыйл өкмөтүнүн аскер учетко каттоо бөлүмүндө аскерге милдеттүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлердин саны 3 338 адамды түзөт.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнөн 17 аскер кызматына милдеттүү жарандар жашаган жерин которгондугуна байланыштуу каттоодон чыгышкан, 23 аскер кызматына милдеттүү жарандар каттоодон өтүшкөн.
Жазгы чакыруунун негизинде аскер кызматын өтөөгө милдеттүү жарандарга чакыруу кагаздары таркатылып 5 аскер кызматына милдеттүү уландар чыныгы аскер кызматын өтөөгө жөнөтүлдү жана альтернативдик кызматты өтөөгө 36 улан чакырылды.
Ал эми жашы 25 жаштан өткөн кызмат өтөбөгөн жарандардын ичинен 2 киши РСК банкы аркылуу 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын төлөп, колдорунда аскердик күбөлүктөрүн алышты жана 3 киши акча каражатын бөлүп төлөп жатышат.
2019-жылдын 9 – айынын ичинде альтернативдик кызматтагы жоокерлерден мамлекеттин казынасына 370,0 миң сом акча каражаты төгүлдү.
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-айынын киреше бөлүгү боюнча маалыматы.
Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын | Огород салыгы | Авто унаалар салыгы | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | Бардыгы: | ||||||||||
факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % | факт | Факт | % | факт | факт | % |
1004,0 | 994,1 |
| 100,0 | 107,0 |
| 1500,0 | 1673,8 |
| 300,0 | 291,6 |
| 2904,0 | 3066,5 | 105,6 |
Агрардык блок:
2019-жыл ичинде айыл өкмөтүндө айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 10 623 га түздү. Анын ичинен: айдоо жерлеринин аянты 3 460 га:
- Дыйкан чарба башчыларынын үлүш жерлери-3460га,
- Мамлекеттик фондусунун жерлери 313 га
- Жеке менчик укугундагы көп жылдык бактар-38га,
- Шагылдуу жерлер -27 га,
- Көп жылдык бактар-16га түзөт (бүгүнкү күндө сотто кароодо).
-
- Мамлекеттик фондусунун 313 га айдоо жерлери 5 жылдык мөөнөт менен ижарачыларга берилип, бош калган жер аянттары жок.
Жайыт жерлеринин жалпы аянты 7082 га түзөт. Анын ичинен: тоодогу жайыттар 6079 га жана айыл четиндеги ички жайыттар 1003 га. 2019-жылдын 1-сентябрына карата айыл өкмөтү боюнча себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты жана орточо түшүмдүлүүгү жөнүндө маалымат.
Чүй айыл өкмөтү боюнча 2019 – жылдын түшүмүнө айдап себилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 2018 – жылга карата салыштырмалуу түзүмү:
Өсүмдүктөрдүн аталышы | 2018 – жылы себилген | 2019 – жылга себилди | 2017 -жылга карата (+, -) |
Себүү аянттары | 3638 | 3638 | 0 |
Баардык дан эгиндери | 1242 | 1253 | +11 |
а.и. буудай (баардыгы) | 223 | 226 | +3 |
Күздүк буудай | 95 | 102 | +7 |
Жаздык буудай | 128 | 124 | -4 |
Арпа (баардыгы) | 505 | 513 | +8 |
а.и күздүк арпа | 10 | 18 | +8 |
Жаздык арпа | 495 | 495 | 0 |
Жүгөрү | 504 | 504 | 0 |
Чанактуу дан өсүмдүктөрү (фасоль) | 10 | 10 | 0 |
Башка дан өсүмдүктөрү | - | - | - |
Май өсүмдүктөрү (соя, күн карама) | 4 | 4 | 0 |
Кант кызылчасы | 350 | 289 | -61 |
Клубника | - | - | - |
Таза беде | 15 | 15 са с | 0 |
Картошка | 245 | 233 | +12 |
Жашылчалар | 390 | 390 | 0 |
Соя | 246 | 246 | 0 |
А.и. көп жылдык чөптөр | 1146 | 1208 | +62 |
Бир жылдык чөптөр | - | - |
|
Силос үчүн жүгөрү | - | - |
|
Иштетилбей калган жерлер | - | - |
|
Башчы Шакеев Ж.М.