Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/3
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин аткарылышы туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.малдыбаеванын "Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 –беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу маалыматы бекитилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
2019- жылдын 9-ай ичинде Чүй айыл өкмөтүнүн өздүк чыгашасы – 22 329,8 млн жана киреше бөлүгү 26 634,6 сомду түздү:
№ | Аты | 2019ж-9 ай |
1 | Киреше салыгы | 13607,9 |
2 | Бирдик салыгы | 110,7 |
3 | Ыктыярдуу патент салыгы | 2083,8 |
4 | Милдеттүү патент салыгы | 232,1 |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1140,1 |
6 | Автоунаалар салыгы | 2443,1 |
7 | Огород салыгы | 147,8 |
8 | а/чарба жер салыгы | 1150,7 |
9 | а/чарба жер салыгына кирбеген жерлер | 1379,8 |
10 | Сатуудан тушкөн төлөмдөр | 2969,1 |
11 | Башка салыктар жана чогултуулар | 20,9 |
12 | Лицензия кармоо боюнча | 135,3 |
13 | Айыл ичиндеги жерлердин ижара акысы | 506,6 |
14 | Жайыт боюнча салыгы | 149,4 |
15 | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | 371,3 |
16 | Ижарага берилүүчү имараттар | 0 |
17 | Таштандылардан түшкөн төлөмдөр | 74,4 |
18 | Мам. Кызыкчылыгы үчүн | 15 |
20 | Жерлерди сатуу | 54,4 |
22 | КР Каржы минист.кайтарып берүүчү акча каражаты | 42,2 |
| Баардыгы | 26 634,60 |
· Жумушчулардын эмгек маянасына - 5621,1 млн сом;
· Социалдык фондго которууларга - 751,5 миң сом;
· Байланыш кызматына – 65,3 миң сом;
· Электр энергиясына – 2652,2 миң сом;
· Жылуулук энергиясына – 2996,6 млн сом;
· Таза сууга - 272,2 миң сом;
· Кызматтык барууга – 61,9 миң сом;
· ККИ (таллон) - 130,0 миң сом.
· Майрамдар - 262,6 млн сом.
· Социалдык бөлүм – 45,0 миң сом.
· ГСМге-768,0 миң сом
· Тетиктерди сатып алууга-167,0 миң сом
· Кошумча чыгымдарга-2540.1 миң сом
· Оңдоо иштерине-324,4 миң сом
· Сатып алууга-259,5 миң сом
· Көмүр сатып алууга-306,9 миң сом
· Негизги каражаттарга -5068,0 миң сом.
КЭБ башчысы А.Малдыбаева