Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/4
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн 2019-жылдын 9- айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматы
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Исмаиловдун 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 - беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Исмаиловдун 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматы эске алынсын.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
Турмуш-тиричилик бөлүмүнүн 2019 жылдын 9-ай ичинде аткарылган иштери тууралу маалыматы.
Айыл жергесин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча 3 айлык жарыяланып айыл өкмөтүндө төмөнкү иштер аткарылды: 1500 кг акиташ жана айры, күрөк, мешок, орок, чалгы ж.б. сатып алганга 63470 сомго жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
2019- жылдын 9 ай ичинде Чүй, Садовое жана Арал айылдарында 100 даана ээси жок жолбун иттер атылып “Беккари” чункуруна салынып өрттөлүндү.
2019-жылдын 9 айынын ичинде айыл ичиндеги бардыгы болуп 960 мЗ чар-жайыт таштандыларды чыгарууга 341 200 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен чыгымдалды.
Чүй айылындагы 3 светофор объектинин лампочкалары өз убагында алмаштырылып жана азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат.
Чүй айылындагы Береговая көчөсүнүн аягынан 150 метр узундуктагы жаңы дренаж казылып азыркы учурда Береговая көчөсүндөгү арыктарда жер астынан чыккан суу толугу менен кетти. Бул аткарылган жумушка жергиликтүү бюджеттен 396 300 сом акча каражаты сарпталды.
Кылым Кыянаттары” монументалдык эстелигин айланасындагы бак-дарактарды, гүл көчөттөрүн сугаруу иши улантылып жатат. Ошондой эле 9 – май монументалдык эстелиги акталып сырдалды.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын ички суугат суу арыктары эксковатор жана К-700 унаалары менен тазаланып азыркы күндө дыйкандар суугаруу иштерин жүргүзүүдө. Аткарылган жумуштарга жергиликтүү бюджеттен 443485 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттарын (название улиц) табличкаларын сатып алууга 45000 миң сом акча каражаты ошондой эле Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине 250 000 сом акча каражаты чыгымдалды. Баардыгы болуп 295 000 сом акча каражаты сарпталган.
Чүй айылынын көп кабатту үйлөрүнөн чыккан таштандыларды таштаганга жаңы 23 даана контейнерди 213 900сомго сатып алынды.
Чүй айыл өкмөтүнүн жүк ташуучу жана трактор унааларына 167 000 мин сомго тетиктерди алынып жасалды.
Чүй, Садовое, Арал айылдарынын көчөлөрүнүн түнкү жарык берүүчү чырактардын лампочкаларын, дросильдерин алмаштырганга жана Чүй айыл өкмөтүнүн кабинеттеги, коридордогу плафондору өз убагы менен алмаштырылып жатат.
Чүй айылынын К- Маркса көчөсү (Межеваядан - Бригадная) жана Новая (М. Сансызбаевден – К - Маркса) көчөлөрү асфальт төшөлдү.
Чүй айылынын Межевая, Ломоносова, Линейная, Сельская, Покровская жана Полевая көчөлөрүнө түнкү жарык берүүчү чырактар орнотулуп азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат.
Чүй айылынын Сельская, Советская №187, Заводская №27 жана Шоссейная №1,2 балдар ойноочу аянтчаларын салууга тендер жарыяланды.
Азыркы күндө турмуш-тирчилик бөлүмүндө 1даана мусоровоз жана 1 автоунаа менен көп кабаттуу үйлөрдүн таштандылары чыгарылып жатат.
Чүй айылынын Межевая, Линейная, Ломоносова, Покровская, Сельская көчөлөрүнө түнкү жарык берүүчү чырактар орнотулду, бул аткарылган иштерге жергиликтүү бюджеттен 800,000 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй айылынын кызматкерлерине 84 500 мин сомго компьютер алынып берилди.
Чүй айылынан турмуш – тиричилик бөлүмүнө караштуу каттар өз убагында жооп берилип актылар түзүлүп жатат. Бак кыюу боюнча Чүй айыл өкмөтүнүн жашочуларынын кайрылуулары “Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине” уруксат алууга кат даярдалып бир айдын ичинде уруксатарын алып, жашочуларга жооптору берилип турат.
Жетектөөчү адис А.Исмаилов