Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/5
Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн 2019 -жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Дюшееванын 2019-жылдын 9-айында түшкөн төлөмдөрү жөнүндө маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Дюшееванын 2019-жылдын 9-айынын ичинде түшкөн салыктардын төлөмү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Салыктардын түрлөрү:
-Айыл чарба жерлеринин салыгы - 1150,7 сом
- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы - 371,3 миң сом
- Короо жайга караштуу жер тилкелеринин салыгы - -147,9 миң сом
- Автоунаалардан түшкөн салык - 2443,1 миң сом
- Айыл ичинен алынган жерлердин ижара акысы - 506,1 миң сом.
3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |