Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/6
Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2019 -жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2019 -жылдын 9-айында аткарган ишинин маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2019-жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу маалыматы бекитилсин, жана анын ишине канааттандырарлык деген баа берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрагасы Р.Солтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
Соц. бөлүмүнүнүн 2019 жылдын 9-ай ичинде аткарылган иштери тууралуу:
2019-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүндө 4745 кожолукта атайын каттодон өткөн жарандардын саны 15328 адамды түзүп, алардын ичинен – Чүй айылында 4235 кожолукта - 12363 адам ,
Садовое айылында 305 кожолукта – 1877 адам,
Арал айылында 205 кожолукта - 1088 адам.
Баатыр энелердин саны – 70 адам,
Өкмөт тарабынан балдарына жөлөк пул алган үй- бүлөнүн саны
6 үй- бүлө (23 бала) детский пособия, Республиканский бюджет
Тоголок жетим балдардын саны -8 бала,
Жарты жетим балдардын саны -120 бала,
Социалдык жетим балдардын саны – 67 бала,
Азыркы күндө айыл өкмөтүбүз боюнча пенсионерлердин саны 1256-адам.
Ата-энелери чет жака иштеп кеткендер мигрант балдардын саны 174-бала.
Этникалык кыргыздардын саны 1101 адам.
Баатыр-Энелердин саны 70 айым апалар.
Социалдык жөлөк пул алгандар 280 үй-бүлө, 297-киши. (инв.1,2,3 топтогу майыптар) Республиканский бюджеттен алышат.
18-жашка чейин балдардын саны 7034
0 - жаштан 6-жашка чейинкилер 1238
6 - жаштан 16-жашка чейинкилер 2685
16-дан 18-жашка чейинкилер 146
Мүнкүнчүлүгү чектелген 18-жашка чейинки балдардын саны бардыгы болуп 104 адам анын ичинен:.
ДЦП-20 бала кыймылсыз төшөктө жаткандар.
ЛОВЗ 84-бала мүмкүнчүлүгү чектелген.
“Байчечекей” бала бакчасына 210-бала барат
“Бакыт” бала бакчасына 103-бала барат
Садовое айылыныны “Бөбөктай” бала бакчасына 35-бала барат
№1 В.Ф.Марков атындагы мектепте 2244 окуучу окуйт
№2 С.Ибраимов атындагы мектепте 2233 окуучу окуйт
Иса Укуев атындагы мектепте 352 окуучу окуйт
Арал айылындагы мектепте 313 окуучу окуйт
Эркектердин саны 7202
Аялдардын саны 8126 адамды түзөт.
Чүй айылында жалгыз жашаган караар-көрөөрү жок 60 кары ата-
апаларыбызды, Чүй районунун социалдык өнүгүү башкармачылыгынын 6-социалдык кызматкерлери тейлейт.
2019-жылдын 9-айынын ичинде социалдык –экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш чараларды аткаруу боюнча жергиликтүү бюджеттен чыгымдалгандар.
Алардын ичинен: Чүй айлында Афганистан Демократиялык Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылып кеткендигинин 30 жылдыгына карата даярдык көрүү жана өткөрүү Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык секторуна жүктөлдү.Чүй айыл өкмөтүндөгү интернационалисть - 27 жоокерге х 2000 сомдон = 54 000сом жана курман болгон жоокерлердин 12-жесирине х 1000 сомдон = 12 000сом акчалай тизме менен материалдык жардам көрсөтүлдү. 2019-жылдын 15-февралында Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылып кеткендигинин 30 жылдыгына карата Токмок шаарындагы интернационалист жоокерлердин эстелигине гүл коюга 1-корзина гүлгө 700 сом жана колдоруна бирден гүл берүүгө 39адамга х 59 сомдон =2300сом. Бардыгы болуп 69 000сом акча каражаты бөлүнүп берилип таратылды.
8-март “Айымдардын эл аралык майрамына карата” жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Чүй айылдык аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери Н.П.Кулишовага – 3000с, Б.Ж.Кызалаковага -3000с. Л.Б.Мамбековага – 2000с. З.Мамбетова -2000с. Э.Н.Нурбековага -2000с. Н.Э.Шариповага- 1000с. Ч.Байтоковага- 1 000 сом , 7 шт гүл * 150 сом=1050 сом) бардыгы 15 050 (он беш миң элүү ) сом айымдарды куттуктоого жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун « 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы Жарлыгына ылайык, Чүй айыл өкмөтүндө 21-март - «Нооруз -2019» майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Төмөнкүдөй акча-каражаты бөлүнүп берилди:
Мындан: Чүй айылына – 35,0м.сом.
Садовое айылына -20,0м.сом.
Арал айылына - 15,0м.сом.
Баардыгы: 70 000 мин сом.
Садовое, Арал айылдарына жана Чүй ипподромго бир боз үй тигилип, жергиликтүү калкка спорттук оюндар уюштурулуп, бекер тамак айыл тургундарына берилди.
Чүй айылдык Кеңешинин 2014-жылдагы 8-майындагы отурумунда кабыл алынган № 14/16 Токтомун аткаруу максатында , Чүй айыл өкмөтүнүн Чүй, Садовое Арал айылдарынын жалгыз эч кимиси жок адамдар каза тапса, катуу ооруп бейтапканага жатса, денесине катуу жаракат алса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-турмуштарында оор кыйналуулар болуп жатса бир жолку колдоо, финансылык жардам катары 3000сомдон 2019-жылдын 9-айынын ичинде комиссиянын актынын негизинде 11-үй бүлөгө берилди.
Чүй айылында жайгашкан “Кылым кыянаттары” монументалдык комплексин ирээтке келтирип, айлана-чөйрөсүн санитардык тазалоодон өткөрүлүп, 7-апрель Элдик революцияда Бишкек шаарында апрель окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандардын катышуучуларына материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлдү. Чүй айыл өкмөтүнөн, Кытайбекова Сагынга, Казакбаева Токтобүбүгө, Алымбаев Дастанга миң сомдон колдоруна тизме менен таркатылып, эстелике гүл коюлду. Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына, курман болгон Чернобыль кырсыгынын катышуучуларынын жесирлерине даярдык көрүү жана өткөрүү Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси У.Абдыкановага жүктөлдү.
1941-1945 - жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 74 жылдыгын өткөрүүгө уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилип, Чүй айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстеликтин айлана-чөйрөсү көрктөндүрүлүп, борбордук Ибраимов көчөсүнө “Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы” лозунгу жазылып илинди. Курман болгон ардагерлердин жесирлерине 9-май күнү өтө турган иш-чарага катышуусу камсыз кылынып, материалдык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр каралып ошондой эле жардамдын башка түрлөрү көрсөтүлдү.Чүй айыл өкмөтүндөгү согуштун ардагерлеринин жесирлерине Бардыгы болуп 11 200 сом акча каражаты бөлүнүп берилип тапшырылды. Жеке ишкер Кадыров Таалай аз камсыз болгон 5-үй-бүлөгө продуктовый пакет тапшырды.
Анын ичинде:
5кг ун.
5кг кесме.
3литр суу май.
1 пачка чай.
1 пачка кант.
Чүй айыл аймагында ”Энелер үйдүн куту” деген жарым айлыкты жарыялоодо 15-майдан 30-майга чейин 7-баладан жогору төрөгөн “Баатыр- Эне” орденин “Эне-даңк” медалын алган Садовое, Чүй жана Арал айылдарында жашаган эже-апаларыбызга ар бирине колдоруна тизме менен 78 х 500 сомдон = 39,000 (отуз тогуз миң) сом жана колдоруна 1-даана гүлгө 78х70с=5460 сом бардыгы болуп 44 460 сом ( кырк төрт миң төрт жүз алтымыш) сом бөлүнүп берилип сыйлык тапшырылды.Чүй айыл өкмөтүнүн орто мектептеринде 9-11-класста эң мыкты бүтүргөн окуучулардын ар бирине 30 окуучуга 500 сомдон 15 000 сом жана Ардак грамота менен сыйланышты. Чүй айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептеринде эмгектенип жаткан 25 мугалим ардак грамотасы менен сыйланышты.
“ 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө”
Чүй айыл өкмөтүнүн маалыматы:
№ | Көрсөтүлгөн материалдык гуманитардык кайрымдуулук жардамдар жана балдардын саны | Иш-чаранын өтүшү тууралуу маалымат (тамак аш, концерт) |
суммасы |
1 | №1 “Байчечекей” бала бакчасына 225-балага | Таттуу азыктар менен жана концерт оюндар уюштурулду | 10,0 миң сом. |
2 | №2 “Бакыт” бала бакчасына 120-балага | Таттуу азыктар менен жана концерт оюндар уюштурулду |
5,0 миң сом. |
3 | Садовое айылындагы “Бөбөктай” бала бакчасына 60-балага | Таттуу азыктар менен жана концерт оюндар уюштурулду | 3,0миң сом. |
8 | Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланды, 405-балага. | 405-балага | Бардыгы болуп 18,0 миң сом.каржыланды |
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусу боюнча, №2 Султан Ибраимов атындагы мектепте жайкы эс алуу уюштурулуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн 32 бала эс алды. ”Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Чүй облустук “Жаштык-Китеп Кербени” акциясын өткөрүү жана уюштуруу комитетинин курамы, түзүлүп, Чүй айыл өкмөтүнө караштуу, Садовое айылынын китепкана башчысы Апсалиева Мариям Сокулук районуна барып катышып келди.. Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине Суусамыр айыл аймагынын Суусамыр жана Кожомкул айылдарынын ортосундагы Каракол тилкесинде, 2019-жылдын 28-июнунда 2 боз үй тигилип, Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20000сом бөлүнүп берилип, барган конокторго, жергиликтүү калкына, спорттук оюндар уюштурулуп, бекер тамак берилди. Чүй Арал, Садовое айылдарынын жашоочуларына кабардар кылуу, (фостерная) үй-бүлөлөрдү таап, бала багып алууга көмөк көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.“Баатыр-Эне” “Эне-Даңкы” наамдарын алууга Чүй, Арал, Садовое айылынан 7-баладан жогору төрөгөн айымдардын документтери чогултулуп, даярдалууда. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын чоң залында концерт уюштурулуп өткөрүлдү.Чүй, Садовое, Арал айылдарынын тургундары өздөрүнүн айылында жергиликтүү тургундары менен майрамдашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы
№ 263-б буйругун аткаруу максатында, Талас обулусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүлүп, Чүй айыл өкмөтүнөн кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүн нукура ыкмада даярдалышын (театрлаштырылган оюн-зоокту, боз үй жасалгасы, улуттук ыр-бийлери, салттуу кийим-кечелери, зергерчилик өнөрү), көчмөн турмуштагы тамак-аштарынын жасалышы, муундан-муунга сакталып келген каада-салттарды колдонуу боюнча тийиштүү иш-аракеттер көрүлдү.
Соц.болум
У.Абдыканова
Г.Абдылдаева