Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/7
Чүй айыл өкмөтүнүн аскердик учеттук каттоо бөлүмүнүн 2019 - жылдын 9 айындагы аткарган иштери жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн аскердик учеттук каттоо инспекторунун 2019-жылдын 9 айындагы аткарылган иштеринин жыйынтыгы тууралуу иш кагаздарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн аскердик учеттук каттоо инспекторунун 2019-жылдын 9 айындагы аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2.Чүй айыл өкмөтүнүн аскердик учеттук каттоо инспекторлору (Г.Борбушалиева, Э. Базаркулов, Г. Турсумбаева) аскер учеттук каттоо иштери өз убагында жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши социалдык суроолор боюнча комитетинин төрагасы Р. Солтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнүн 2019 – жылдын 9 айынын ичиндеги аткарылган иштери тууралуу
Чүй айыйл өкмөтүнүн аскер учетко каттоо бөлүмүндө аскерге милдеттүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлердин саны 3338 адамды түзөт:
Офицерлер - 228 адам (эркектер 219, аялдар 9);
Катардагы жоокерлер – 2645 адам (эркектер 2437, аялдар 208);
Афган согушунун катышуучулары – 28 адам;
Баткен коогалаңынын катышуучулары – 12 адам;
Альтернативдик кызматтагы жоокерлер – 123 адам;
Аскер кызматына чакырылгандар – 295 адам;
Чернобыль АЭС катышуучулары – 6 адам
Тажик –Афган катышуучулары – 1 адам
2019 – жылдын январь айында, алгачкы каттодон өтүүгө 2003 – жылы төрөлгөн 143 уландын документтери такталып Токмок шаардык бириккен аскер комиссиаратынан медициналык комиссиядан өтүшүп, күбөлүктөрүн алышты.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнөн 19 аскер кызматына милдеттүү жарандар жашаган жерин которгондугуна байланыштуу каттоодон чыгышкан, 47 аскер кызматына милдеттүү жарандар каттоодон өтүшкөн.
2019 – жылдын февраль - март айларында аскер комиссиаратынын буйругу менен айыл өкмөтүндө аскердик машыгуу боюнча көнүгүүлөр өткөрүлдү жана талапка жооп бергендей кырдаалда иш жүзүнө ашырылды.
Март айында резервный командада турган 25 жоокер тактап айтканда аскер кызматын өтөп келген жарандар аскердик билеттери менен кошо Токмок бириккен шаардык аскер комиссариатына чакырылды.
Жазгы жана күзгү чакыруунун негизинде аскер кызматын өтөөгө милдеттүү жарандарга чакыруу кагаздары таркатылып 11 аскер кызматына милдеттүү уландар чыныгы аскер кызматын өтөөгө жөнөтүлдү.
Ал эми үй шартына, ден соолугуна байланыштуу 36 улан альтернативдик кызмат өтөөгө калтырылды.
Ал эми жашы 25 жаштан өткөн кызмат өтөбөгөн жарандардын ичинен 2 киши РСК банкы аркылуу 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын төлөп, колдорунда аскердик күбөлүктөрүн алышты 3 киши акча каражатын бөлүп төлөп жатышат жана СМРге 1 адам 50,0 сом акча каражатын РСК банкы аркылуу төлөп 1 айлык сборго барып келип 1 категориялык аскердик билет алды.
Алгачкы аскердик каттодон өтүүгө 2004 жылы төрөлгөн 173 уландардын документтери такталып Токмок шаардык бириккен аскер комиссариатына өткөрүлүп берилди.
2019 – жылдын 9 айынын ичиндеальтернативдик кызматтагы жоокерлерден мамлекеттин казынасына 370,0 миң сом акча каражаты төгүлдү.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскердик
учеттук каттоо бөлүмүнүн инспектору Э. Базаркулов
Г. Турсумбаева