Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/9
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн көчө комитеттеринин төрайымдарынын (төрагасынын) эмгек акыларын коюу жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана иш кагаздары менен таанышып, депутаттардын ой пикирлерин, сунуштары эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31,46,47 беренелерине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн турумуш-тиричилик бөлүмүнүн көчө комитеттеринин эмгек акылары турмуш шартына байланыштуу 2000 миң сомго көбөйтүлүп айлык маянасы жеригиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |