Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/10
Салык кызматынын маалыматтарын жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
2014-жылдын 19-декабрындагы №715 Кыргыз Республикасынын Президентинин Токтому, 2013-жылдын 9-июлу №127 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы жана сунуш кылынган иш кагаздарды карап чыгып, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө келишими бекитилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |