Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы №26/12
Чүй айыл аймагында жайгашкан короо жайга тиешелүү жер тилкесин мечит курууга (категориясын өзгөртүү) жөнүндө
Арал айылынын Шоссейная көчөсүндөгү №14 жер тилкесинде жайгашкан короо жай тилкесинин категориясын которуу жөнүндөгү материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 18-22 беренелери жана Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 11,13 беренелерине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл аймагынын Арал айылындагы Шоссейная №14 дарегинде жайгашкан Д.Джушанло тиешелүү 1250 м2 жер тилкесинин короо жай категориясынан мечит куруу категориясына макулдук берилсин.
2.Д.Джушанлого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан жер тилкесинин күбөлөндүрүлгөн иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү иштери милдеттендирилсин .
3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер маселелер комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |