Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-майы № 01-5 /236
Шаар тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Октябрьская көчөсүнүн № 9 үйүнүн тургуну Дуйшеева Имаракандын, Октябрьская көчөсүнүн № 30-3 үйүнүн тургуну Мизраимова Назгүлдүн, Свердлов көчөсүнүн № 19 үйүнүн тургуну Асранкулов Джениш-Алинин, Садовая көчөсүнүн № 65-8 үйүнүн тургуну Валитова Г. апасы Валитова Зульфиранын ден соолугуна байланыштуу, Ленин көчөсүнүн № 37-6 үйүнүн тургуну Маткаримова Дилрабонун, Луговая көчөсүнүн № 29-1 үйүнүн тургуну Абдираимова Нургүлдүн материалдык жардам сурап кайрылган арыздарын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундуларын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин » жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар тургундарынын жазган арыздары канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундулары эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын Октябрьская көчөсүнүн № 9 үйүнүн тургуну Дуйшеева Имараканга 50000 (элүү миң) сом, Октябрьская көчөсүнүн № 30-3 үйүнүн тургуну Мизраимова Назгүлгө 50000 (элүү миң) сом, Свердлов көчөсүнүн № 19 үйүнүн тургуну Асранкулов Джениш-Алиге 50000 (элүү миң) сом, Садовая көчөсүнүн № 65-8 үйүнүн тургуну Валитова Г. апасы Валитова Зульфирага 30000 (отуз миң) сом, Ленин көчөсүнүн № 37-6 үйүнүн тургуну Маткаримова Дилрабого 30000 (отуз миң) сом, Абдираимова Нургүлгө 30000 (отуз миң) сом, жалпысы 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттен-дирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |