Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-майы № 01-5 /237
Шаар тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы, Кочкор-Ата шаар тургундарынын кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаар аймагында өскөн аллергия оорусун пайда кылуучу, мамык чыгаруучу дарактарды түп тамыры менен кыйып салуу үчүн, тийиштүү иш чараларды уюштуруу жана жүргүзүү Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынына тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Маматовго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |