Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-майы № 01-5 /239
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин № 01-5/233 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 12.05.2020-ж. № 06-2/1352 кириш номурлуу, администрациясынын кезектеги штабдык отурумунун “Райондун аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” № 21 протоколунун райондун аймагындагы азык-түлүк саткан базарлардын иштөө графигине коюлган чектөөлөрдү алуу жөнүндөгү чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 12.05.2020-ж. № 06-2/1352 кириш номурлуу, администрациясынын кезектеги штабдык отурумунун “Райондун аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” № 21 протоколу эске алынсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин №01-5/233 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну ММБДнын башчысы А.Шерматовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |