Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-майы № 01-5 /243
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Сатылганов Канатбектин Луговая көчөсүндө жайгашкан 0.10 га жер тилкесине мончо куруу үчүн профилин коммерциялык багытына өзгөртүүгө уруксат сураган арызын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын тургуну Сатылганов Канатбектин арызы канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Сатылганов Канатбекке тиешелүү Луговая көчөсүндө жайгашкан 0.10 га менчик турак жайына мончо куруу үчүн жер тилкесинин профилин коммерциялык багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4.Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |