Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-майы № 01-5 /246
Шаар мэриясынын №01-36/824 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/824 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/824 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаар аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан такси кызматтарына патент салыгы милдеттендирилсин жана менчигинин түрүнө карабастан автоунаа токтотуучу жайларда патентсиз иш алып барууга тыюу салынсын, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шаар мэриясынын салык кызматкерлерине жана ММБДнын башчысы А.Шерматовго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Салык бөлүмүнүн башчысы Д.Биймурзаевге жана ММБДнын башчысы А.Шерматовго мидеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |