Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 3
Ишкана куруу жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жашоочуларды жумуш менен камсыздоо үчүн “Миллениум Гранд” жоопкерчилиги чектелген коомунун сунушуна ылайык 200 орундуу тигүү фабрикасын куруу максатында айыл чарбасына жараксыз жер тилкеси аныкталып,курулуш үчүн ажыратылсын.
2. Жер тилкени мыйзам талаптарына ылайык аныктоо айыл ѳкмѳттүн адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комитетине,тѳрагасы А.Нишанбаевге жүктѳлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Бекназаров |