Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 5
А.Халбаева,М. Султанов жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн №9 Паяз орто мектебинин тазалоочусу Халбаева Айнуранын айыл ѳкмѳттүн жетекчилигине 2020-жылдын 4-февралында жазып кайрылган арызы канааттандырылсын.
2. А.Халбаеванын турмуш шартынын оордугун эске алып,анын ден соолугун чыңдоо үчүн айыл ѳкмѳттүн жергиликтүү бюджетинин
“ 2721 Аппарат” статьясынан 30000(отуз миң) сом акчалай каражат материалдык жардам иретинде ажыратылсын.
3. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султанов 2020-жылдын 31-январь күнү мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу анын 2012-жылдан тартып аталган айыл өкмөттүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жана эмгегин эске алып,үй бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 50000(элүү миң) сом акчалай каражат материалдык колдоо иретинде жубайы Эгембердиева Гульзадага ажыратылсын.
4. Буйруктун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин бюджет жанан экономика маселелери боюнча туруктуу комитетинин тѳрайымы Н.Юсуповага жүктѳлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Бекназаров |