Редакцияот 03.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIII –сессиясы

2019-жылдын 3-апрели № 2

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар ( калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү)  жөнүндө”

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар ( калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү)  боюнча жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин:

а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын).

б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты эске алынсын).

2.           Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсына) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн.

б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун.

в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин.

( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” жөнүндөгү кодекстин негизинде айып төлөнсүн.

  1. Ак-Суу айылынын калк жашаган  конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын).-  Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар” кодексине негиз айыптар салынсын. -  Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” кодексине негизинде чара көрүлсүн.
  2. Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга  2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
  3. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилсин.
  4. Бада алган атуулдун малы, кой, эчкичи 300 баштан ашса, ую 10 баштан ашса, жылкы 1 үйүр болсо, алыскы чоң жайлоого көчүрүлсүн.
  5. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын.
  6. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
  7. Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “бузуулар” кодексинин негизинде айып пул салынсын.
  8. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.

-         1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга 50 сом, жандык 5 сом.

-         2- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга 200 сом, жандык 50 сом, эшек 300 сом. Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.

40 пайызы айдап келген карагулга, 40 пайызы кайтарган карагулга, 20 пайызы ар түрдүү чыгымдарга.

  1. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.

-         Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга ветеринардык кодекстин негизинде айып салынсын.

  1. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо ( жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖПБне милдеттендирилсин.
  2. Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышына  айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖПБ төрагасы М.Чокоевге милдеттендирилсин.
  4.  Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү П.Анарбековго жүктөлсүн.
  5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу:                                                                                                                                                                  К. Төрөкулов