Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 1/2
“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алуу жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын декабрь айында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алуу жөнүндө ФЭБ башчысы Э. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын декабрь айында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алынсын.
2. Жогоруда бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн 2215 түрдүү чыгымдарга отургузуу менен 2020-жылда аткарылуучу проектилерди каржылоого макулдук берилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |