Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 2
“Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө”
Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |