Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 3/2
“ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жөнүндө”
ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү, М.Кайдалиевдин менен болгон талаш жери чечилгенге чейин ишмердүүлүгүн токтотуп туруу жагы белгиленсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |