Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 3/3
“ЖЧК “ Нар-Таш ” ишканасынын арызын кароо жөнүндө”
ЖЧК “Нар-Таш” ишканасынын Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган жери жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК “Нар-Таш” ишканасынын Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган жерине макулдук берилсин.
2. Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган 2 га жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү, транформациялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |