Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 3/4
Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын бала бакча маселесин чечип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон-Дөбө айылындагы Ф-14 китепканасы жайгашкан турак жайды бала бакчасына берүүгө макулдук берилсин.
2. Коргон-Дөбө айылындагы Ф-14 китепканасы жайгашкан турак жайды бала бакчасына берүүгө керектүү иш кагаздарын мыйзам ченемдүү даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |