Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 3/5
Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин арызын кароо жөнүндө”
Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркып, мечитке курула турган дааратканага иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркууга макулдук берилсин.
2. “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркууда мыйзам ченемдүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |