Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 1/2
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2021-жылга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө, финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткрылышы жөнүндө ФЭБ башчысынын отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 4815,0 (төрт миллион сегиз жүз он беш миң) сом, анын ичинен атайын каражат 562,5 ( беш жүз алтымыш эки миң беш жүз) сом, теңдөөчү грант 6629,2 (алты миллион алты жүз жыйырма тогуз миң эки жүз) сом, жайыт пайдалануучулардан түшүүчү киреше 242,3 (эки жүз кырк эки миң үч жүз) сом, жалпы 11686,5 (он бир миллион алты жүз сексен алты миң беш жүз) суммасында (№1 тиркемеге ылайык) бекитилсин.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана трансферттеринин көлөмү (№2 тиркемеге ылайык) келтирилсин, өздүк бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 11686,5 (он бир млн.алты жүз сексен алты миң беш жүз) сом (№3 тикемеге ылайык) бекитилсин.
5. 2019-жылы пайдаланылбай калган 3623241 (үч млн. алты жүз жыйырма үч миң эки жүз кырк бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына чыгымдоо жагы каралсын. (№4 тиркеме тиркелет)
6. 2019-жылдын атайын каражатындагы пайдаланылбай калган 14950 (он төрт миң тогуз жүз элүү) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн түрдүү чыгымдары үчүн жумшалсын. (№4 тиркемеге негиз)
7. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц. фонд, тамак аш, көмүр, байланыш, электр энергиясына) калган суммасы башка түрдүү беренелерге жумшалсын.
8. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
9. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жалпы жылдык бюджеттин 1пайыз өлчөмүндө 116000 (бир жүз он алты миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.
10. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
11. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткаруу айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2(эки) айыл башчысынын ордуна 4 (төрт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алууга, айлык акылары жетектөөчү адистин айлык акысынын деңгээлинде каралып бекитилсин.
13. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2020-жылга жүгүртүлүүчү накталайакча каражаты 200000,0 (эки жүз) миң сом өлчөмүндө пайдаланылбай калган калган акча каражатынын эсебинен бекитилсин.
14. Жогорудагы аныкталып бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясынын №1/2 токтомуна №1-тиркеме.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин эсеби.
№п/п | Класификации | Кирешенин аталышы | сумма |
Салыктык кирешелер. | |||
1. | 11111100 | Киреше салыгы | 1673,0 |
2. | 11122100 | Милдеттүү патент | 4,5 |
3. | 11134200 | Ыктыярдуу патент | 120,0 |
4. | 11311100 | Кыймылсыз мүлккө салык | 5,0 |
5. | 11312100 | Там арка жана жер участоктору үчүн жер салыгы | 150,0 |
6. | 11312200 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгы | 133,8 |
7. | 11312300 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 296,0 |
8. | 11361200 | Жеке адамдардын транспорт салыгы | 328,0 |
9. | 11412100 | Сатуудан түшкөн салык | 13,5 |
|
| Бардыгы: | 2723,8 |
Салык эмес кирешелер. | |||
10. | 14152600 | Жер аренда салыгы | 150,0 |
11. | 1423 | Ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөр | 565,2 |
12. | 11442100 | Роялти | 221,0 |
13. | 14151200 | Лицензияны кармап туруу | 1155,0 |
|
| Бардыгы: | 2091,2 |
|
| Теңдөөчү грант | 6629,2 |
|
| Жайыт акы | 242,3 |
|
| Жалпы: | 11686,5 |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: У.Качыбеков.
ФЭБ башчысы: Э.Алымкулов.
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясынын №1/2 токтомуна №2 тиркеме.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин расчету.
№п/п | Класификации | Кирешенин аталышы | 2021 сумма | 2022 сумма |
Салыктык кирешелер. |
| |||
1. | 11111100 | Киреше салыгы | 2101,0 | 2233,0 |
2. | 11122100 | Милдеттүү патент | 4,5 | 4,5 |
3. | 11134200 | Ыктыярдуу патент | 120,0 | 120,0 |
4. | 11311100 | Кыймылсыз мүлккө салык | 5,0 | 5,0 |
5. | 11312100 | Там арка жана жер участоктору үчүн жер салыгы | 150,0 | 150,0 |
6. | 11312200 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгы | 133,8 | 133,8 |
7. | 11312300 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 296,0 | 296,0 |
8. | 11361200 | Жеке адамдардын транспорт салыгы | 328,0 | 328,0 |
9. | 11412100 | Сатуудан түшкөн салык | 0 | 0 |
|
| Бардыгы: | 3138,3 | 3270,3 |
Салык эмес кирешелер. |
| |||
10. | 14152600 | Жер аренда салыгы | 150,0 | 150,0 |
11. | 1423 | Ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөр | 565,2 | 565,2 |
12. | 11442100 | Роялти | 230,0 | 230,0 |
13. | 14151200 | Лицензияны кармап туруу | 1155,0 | 1155,0 |
|
| Бардыгы: |
| |
|
| Теңдөөчү грант | 6368,1 | 6332,9 |
|
| Жайыт акы | 242,3 | 242,3 |
|
| Жалпы: | 11848,9 | 11950,7 |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: У.Качыбеков.
ФЭБ башчысы: Э.Алымкулов.
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясынын №1/2 токтомуна №3 тиркеме.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү жөнүндө мааламат
Берене | Мазмуну | Суммасы |
| Баардык чыгашалар | 11686,5 |
| Мунун ичинен |
|
2111 | Маяна үчүн | 3132,0 |
2121 | Соц. фонд төлөмдөрү | 475,4 |
2211 | Кызматтык кыдыруулар | 460,0 |
2212 | Байланыш бөлүмү | 40,0 |
2214 | Транспорт чыгымдар | 200,0 |
2215 | Дагы башка кызмат көрсөтүү | 1624,5 |
2218 | Тамак-аш азыктарын алуу | 736,0 |
2221 | Мулктү учурдагы оңдоо | 567,2 |
2222 | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн чыгымдар | 921,6 |
2224 | Таш, көмүр сатып алуу | 850,0 |
2231 | Комуналдык кызматтар | 1794,6 |
2721 | Калкка социалдык жардам | 530,0 |
2824 | Резервдик фонд | 116,0 |
3111 | Имараттар жана курулуштар | 100,0 |
3112 | Машиналар жана жабдуулар | 0,0 |
| Атайын каражаттар | 139,2 |
| Жалпы: | 11686,5 |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: У.Качыбеков.
ФЭБ башчысы: Э.Алымкулов.
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясынын №1/2 токтомуна №4 тиркеме.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдан пайдаланбай калган акча каражаттарынын бөлүнүшү.
№ | Мазмуну | ДТ | КТ | статья | бөлүм |
| Жалпы сумма | 3638191,0 |
|
|
|
1. | Жүгүртүүгө накталай акча каражаты |
| 200000,0 | 21111100 | 70111 |
2. | Ички жолдорду оңдоого |
| 1300000,0 | 31113320 | 70629 |
3. | Турак жай каттоого |
| 0,0 | 22154900 | 70629 |
4. | Калкка жардам берүү |
| 300000,0 | 27211500 | 70629 |
5. | Ички чарбалык максаттар үчүн чыгымдар |
| 279241,0 | 22211300 | 70629 |
6. | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн чыгымдар |
| 500400,0 | 22221200 | 70629 |
7. | Мектептерге электрондук доскаларды луу |
| 835000,0 | 31123200 |
|
8. | Н.Рыскулов мектебинин крышасын оңдоо |
| 208600,0 | 22211100 |
|
9. | Түрдүү чыгымдар |
| 14950,0 | 22154900 |
|
|
| ||||
| Жалпы: | 3638191,0 | 3638191,0 |
|
|
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: У.Качыбеков.
ФЭБ башчысы: Э.Алымкулов.