Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 2/2
“Ак-Суу ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө”
Ак-Суу ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу ЖКнин 2020-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин.
2. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖКнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 1,5 ( бир жарым) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |