Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3/2
“ Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө салыкчы Ч.Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы пенсионерлердин жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотухтан ашкан жерлерине салык төгүү эскертилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге К-1 коэффициенти бекитилип берилсин. (дүкөн, күркө, соода уюмдары, кен казуу багытындагы мекеме ишканалар).
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |