Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3/3
“Ак-Сай айылынын тургуну Б.Дүйшебаевдин арызын кароо жөнүндө ”
Ак-Сай айылынын тургуну Б.Дүйшебаевдин №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасына Дүйшебаева Бүбайымдын ысымын ыйгарып берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасына Дүйшебаева Бүбайымдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Дүйшебаева Бүбайым атындагы №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасы деп аталсын.
3. Юстиция башкармалыгынан каттатып келүүгө кеткен чыгымдары Б. Дүйшебаевге жүктөлсүн.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |