Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3/4
“Коргон-Дөбө айылынын тургуну Боталиев Жанаттын арызын кароо жөнүндө”
Коргон-Дөбө айылынын Суук-Башат көчөсүнө Боталиев Алимбектин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон-Дөбө айылынын Суук-Башат көчөсүнө Боталиев Алимбектин ысымын ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690-токтомунун 10-пункутуна негиз, токтотуп туруу жагы белгиленсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |